Дүрбөлөңгө түшпөгүлө! Президент Жээнбеков элге кайрылды

Жазылуу
Өлкө башчы ызы-чууга алдырбай, дарыгерлер айткан талап, кеңештердин баарын аткарууга чакырды. Ошондой эле ар бир адам кырдаалга жоопкерчиликтүү мамиле кылуусун айтты.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков коронавирустан улам кыргызстандыктарга кайрылуу жасады.

Президенттин кайрылуусун толугу менен сунуштайбыз.

"Урматтуу мекендештерим! Дүйнөлүк коомчулук менен бирге, биз дагы коронавируска каршы күрөшүү үчүн орчундуу сыноого туш келдик. Тилекке каршы, биздин өлкөбүздө да бул илдетти жуктурган адамдар аныкталды. Мындай кырдаалда мамлекеттин эң башкы милдети — жалпы элибиздин саламаттыгын сактоо. Азыркы учурда өлкөдөгү медициналык кырдаал толук бойдон көзөмөлдө турат.

Клиническая инфекционная больница им. С. П. Боткина - Sputnik Кыргызстан
Даяр болчубуз! ДССУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн коронавирус боюнча пикири
Дарыгерлерибиз тиешелүү даярдыктан өткөн, бул илдеттен кандай дарылоо керектигин билишет. Учурда мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин жана элдин чогуу аракети талап кылынат. Мен баарыңыздарды тартипти катуу сактоого чакырам.

Бүгүн жалпы коомдун саламаттыгы үчүн ар бир жаран, ар бир ата-эне жооптуу. Ар бир үй-бүлө өздүк гигиенанын талаптарын толук аткарышы абзел. Зарылдыгы жок болсо, үйдөн чыкпай, башкалар менен жолугууну максималдуу кыскартуу зарыл. Оорунун биринчи белгилери пайда болгон учурда, алгач эч жакка барбастан, телефон аркылуу врачка кайрылуу керек.

Чет өлкөдөн келген ар бир жаран обсервациянын жана үй карантиндин шарттарын кынтыксыз сактоого милдеттүү. Айрым адамдардын бул талаптардын чегинен чыгуу аракеттерине кескин түрдө бөгөт коюлат. Ар кандай жыйындарды, оюн-зоок иштерди, тойлорду, мааракелерди токтотуп туруу зарыл.

Мектептерде окутуу убактылуу токтотулду. Жогорку окуу жайлары аралыктан окутууга өткөрүлдү. Чек аралар, өткөрүү пункттары, аэропорттор катуу кайтарылган тартип менен иштеп жатат. Коомдук тартипти сактоо, өлкөнүн аймагына кирип-чыгуу иштери күчөтүлгөн тартипке которулду.

Урматтуу мекендештерим!

Азык-түлүктүн, дары-дармектин жана медициналык буюмдардын запасы жетиштүү. Бул товарлар менен калкты туруктуу камсыз кылуу үчүн мамлекеттик органдар жана жергиликтүү бийлик тынымсыз иштеп жатат. Кооптонууга себеп жок.

Совместные командно-штабные и мобилизационные учения на территории ТЭЦ Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Өзгөчө кырдаал жарыяланган Сузакта аскер адамдары жүрөт. Видео
Бүгүнкү кырдаалга өтө жоопкерчилик менен мамиле кылуу керек.

Дүрбөлөң салууга, коомдун тынчтыгын бузууга аракет кылгандар, чайкоочулук кылам дегендер, тамак-аштын жана дары-дармектин баасын негизсиз көтөргөндөр көз жаздымда калбайт.

Тиешелүү жоопкерчилигин тартат.

Азыр ар бир мекендешибиз өз кызыкчылыгын көздөбөй, "элибиз аман болсун, эл арасында мен аман болоюн" деген түшүнүктү бекем кармануусу зарыл.

Жаңылыктар түрмөгү
0