Бишкектин ооруканаларында жаткан бейтаптарга баруу убактылуу токтотулду

© Sputnik / Константин Михальчевский / Медиабанкка өтүүПионерская участковая больница в Симферополе
Пионерская участковая больница в Симферополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык бийлик коронавирус кооптуулугунан улам калаа тургундарын эл көп чогулган жайларга — куран окутууларга, тойлорго, салтанаттарга барбай туруу керектигин эскертти.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Борбор калаанын ооруканаларына жаткандарга убактылуу барбай туруу керек. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындай буйрукка Саламаттык сактоо боюнча башкармалык 17-мартта коронавирус инфекциясынын таралышын алдын алуу максатында кол койду.

Борбордун медициналык уюмдарынын башкы дарыгерлерине кызматкерлердин ишине тыкыр көзөмөл жүргүзүп, ооруканада жаткандар арасында маалымдоо жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Медициналык кызматкерлер бейтапты орууканага алып барып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктар. Абалы, чоо-жайы
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Бишкектеги бардык саламаттык сактоо уюмдары үчүн нускамаларды даярдамакчы.

Шаардык бийлик коронавирус кооптуулугунан улам калаа тургундарын эл көп чогулган жайларга — куран окутууларга, тойлорго, салтанаттарга барбай туруу керектигин эскертти.

Кыргызстанда учурда коронавируска байланыштуу абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигинин тексттик трансляциясынан жана Телеграм-каналдан окуй аласыздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0