Абжалиев: жакын таанышым да 12-мартта умрадан келип, көп адам менен учурашкан

© Sputnik / Табылды КадырбековДепутат Алиярбек Абжалиев. Архивдик сүрөт
Депутат Алиярбек Абжалиев. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жуктурган жарандар менен кошо бир учакта 135 адам келгенин, анын 90у табылып обсервация жайларына жаткырылганын белгилеген.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Депутат Алиярбек Абжалиев парламенттин жыйынында жакын таанышы дагы 12-март күнү Сауд Аравиядан келгенин билдирди.

Бүгүн умрага кичи ажылыкка барып келген үч кыргызстандык коронавирус жуктурганы белгилүү болду. Алар Сузак районунун тургундары, 12-март күнү мекенине кайтып келген.

"Менин жакын таанышым Умрага барып 12-мартта келген. Азыр телефон чалып сүйлөшсөм "үйүмө бүт баары келишкен, учурашышкан" деп айтты. Кечээ кечинде аны "Ак-Кемеге" алып барып жаткызышыптыр. Азыр баары аралашып кетти. Европада ушинтип тоготпой жатып азыр коркунучтуу аймак болуп калды. Бизде дагы ошондой тоготпогондой мамиле болуп жатат. Ушул боюнча жакшылап карабасак болбойт", — деди Абжалиев.

Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев коронавирус жуктурган жарандар менен кошо бир учакта 135 адам келгенин, анын 90у табылып обсервация жайларына жаткырылганын белгилеген.

Ушу тапта Кыргызстанда абал кандай экенин Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0