Коронавирус жуктургандар менен учакта чогуу келген 45 киши изделүүдө

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүЖүргүнчүлөр коопсуз бет капчапн эл аралык аэропортунда. Архив
Жүргүнчүлөр коопсуз бет капчапн эл аралык аэропортунда. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктуруп алган үч кыргызстандык Сауд Аравиясынын 12-мартта учуп келген. Самолётто алар менен чогуу дагы 135 адам болгон, алардын ичинен 90 адам 18-марттын таңында изоляцияга алынды.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктар менен Сауд Аравиясынан бир учакта келген 45 киши изделип жатат. Бул тууралуу Коронавирусту алдын алуу боюнча ыкчам штаб кабарлады.

Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган алгачкы учур катталды. Жуктуруп алгандар ушу тапта Жалал-Абаддын инфекциялык ооруканасында. Үчөө тең 70, 62 жана 42 жаштагы эркек кишилер. Кийин алар менен учакта 135 киши келгени айтылган.

"Коронавирус жуктуруп алган үч кыргызстандык Сауд Аравиясынын 12-мартта учуп келген. Самолётто алар менен чогуу дагы 135 адам болгон, алардын ичинен 90 адам 18-марттын таңында изоляцияга алынды. Калган 45 жүргүнчү изделүүдө", — деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Учурда коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы абалды билүү үчүн Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясын окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0