Кеңседе иштегендер коронавирусту кантип алдын алышы керек. Кеңештер

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүКеңседе иштегендер кишилер. Архив
Кеңседе иштегендер кишилер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кеңештердин биринде жетекчилерге кол алдындагыларды үйдөн иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүү сунушталган. Бул кызматкерлердин коопсуздукта болушуна жана иш процессин токтотпоого жардам берери белгиленет.

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги жумуш орундарында курч респиратордук вирустук инфекцияларды, анын ичинде коронавирусту алдын алуу үчүн кандай эрежелерди сакташы керектигин айтып берди.

Аял диванда отуруп жаткан убакытта - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда үй карантинине алынгандар үчүн 9 эреже
Ага ылайык, биринчи кезекте офисте кызматкерлерге жана конокторго суу менен самынды кенен белендөө керек. Жумушчулар да колду бат-баттан жууп турууну эстен чыгарбашы шарт. Ошондой эле кеңседе спирти бар антисептик куюлган диспенсердин болгону жакшы.

Офисте тазалыкты сактаган адам эшиктердин туткалары, телефондорду, клавиатураларды жана башка кеңсе шаймандарын ар бир эки саатта дезинфекциялоочу каражат менен сүртүп турушу зарыл.

"Бөлмөлөрдү тез-тезден желдетип тургула. Жөтөлүп, чүчкүргөндө ооз жана мурунду бир жолу колдонуучу кагаз бет аарчы менен жапкыла же бүгүлгөн чыканакка чүчкүргүлө. Колдонулган бет аарчыны оозу жабыла турган таштанды чакаларга таштагыла. Ооруп жаткан кызматкерлер жумушка чыкпай турушун өтүнгүлө", — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле иш сапарга чет өлкөгө чыкпай туруу жана эл көп топтолгон жерге барбоо сунушталган.

Андан тышкары, жетекчилерге кол алдындагыларды үйдөн иштөөсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берүү сунушталган. Бул кызматкерлердин коопсуздукта болушуна жана иш процессин токтотпоого жардам берери белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0