Кыргызстанда бардык курстарды убактылуу токтотуу пландалууда

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүКыз сабак учурунда. Архив
Кыз сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим коронавирусту алдын алуу жана жайылуусуна жол бербөө боюнча Коопсуздук кеңеши тарабынан кабыл алынган.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги кошумча билим берген уюмдарга ишин 8-апрелге чейин токтотуп туруу сунушун берди.

Ведомстводон билдиришкендей, мындай аракеттер коронавирусту алдын алуу максатында жасалууда.

"Министрлик ЖРТга даярдаган, айдоочулук, тил, компьютер сыяктуу жааттарда кошумча билим берген бардык курстарды 17-марттан 8-апрелге чейин ишин токтотуп турууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

Тийиштүү кат Бишкек менен Ош шаарларынын жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жөнөтүлдү. Ошондой эле билим берүү мекемелерине ата-энелерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү менен санитардык жана эпидемияга каршы иш-чараларды аткаруу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0