Бишкек тик учак менен дезинфекцияланат деген маалымат төгүндөлдү

© Sputnik / Илья Тимин / Медиабанкка өтүүВертолет ВВС России Ми-8МТ
Вертолет ВВС России Ми-8МТ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мессенджер аркылуу тараган маалыматта бүгүн түнү тик учак менен дезинфекция жүргүзүлгөндүктөн, терезе менен балкондор жабык болушу керектиги айтылган.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бүгүн түнкү саат 11ден таңкы бешке чейин Бишкек шаарын тик учак менен дезинфекция кылуу үчүн дары чачышат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабы билдирди.

Оорукана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги №3 бейтапкана карантинге жабылды деген маалымат төгүндөлдү
Белгилей кетсек, маалымат мессенджерлерге тарап, анда саат 23:00дөн тарта 5:00гө чейин тик учак менен дезинфекция жүргүзүлгөндүктөн, терезе менен балкондор жабык болушу керектиги кабарланган. Мындай кабарды аскер бөлүгү таратканы жазылган. Бул боюнча "Бишкек сегодня" Telegram-тайпасындагы катталуучулар арасында талаш-тартыш жаралды.

Бирок Sputnik агенттиги Башкы штабга кайрылганда "маалымат жалган, эч кандай тик учак чыкпайт" деп билдиришти.

Саламаттыкты сактоо министрлиги да маалыматты төгүндөп, дезинфекциялык иштер учурда жерден гана жүргүзүлүп жатканын маалымдады.

Буга чейин ИИМ коронавирус жугузуп алды деп жалган кабар тараткан бир катар адамдарды суракка алган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0