Адаттан тыш ысык болобу? Апрель айына карата аба ырайы

© Sputnik / Эмиль СадыровДжети-Огуз капчыгайы . Архив
Джети-Огуз капчыгайы . Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Апрель айында Кыргызстандын бир катар аймактарында жаан-чачын аз түшсө, дагы бир жерлеринде нормадан ашпай турганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет апрель айына карата аба ырайы божомолун жарыялады.

Чүй облусу

Чүй облусунда абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градуска жогору болуп, 12...14 градус жылуу болушу күтүлөт. Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо 6…8 градуска жетет.

Гүлдөп жаткан өрүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жай келип калабы? Март айына карата аба ырайы
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 8...13 градус жылуулукка чейин, күндүз 14…19дан 23...28 градус жылуулукка чейин өзгөрүлүп турат.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5тен жогорулап отуруп 6...11 градуска чейин жылыйт. Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен -1...-3кө чейин үшүк жүрүшү мүмкүн (мындай үшүк жүрүшүнүн ыктымалы ушул мезгилде 40-60% түзөт). Абанын күндүзгү температурасы 11…16дан 19…24 градуска чейин жогорулайт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (Чүй өрөөнүндө 58-73 мм, тоо этектериндеги райондордо 64-78 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градустан жогору болуп, 10…12ге чейин жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 0…5тен 8…13 градус жылуулукка чейин өзгөрүлөт. Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен -1...-3кө чейин үшүк жүрүшү мүмкүн (мындай үшүк жүрүшүнүн ыктымалдыгы ушул мезгилде 40-70 пайызды түзөт). Абанын күндүзгү температурасы 14…19дан жогорулап отуруп 23…28 градуска чейин жетиши күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болот (46-52 мм).

© © Кыргызгидромет2020 жылын апрель айынын абанын орточо температурасы
Адаттан тыш ысык болобу? Апрель айына карата аба ырайы - Sputnik Кыргызстан
2020 жылын апрель айынын абанын орточо температурасы

Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1…1,5 градустан жогору болуп 13…15, тоо этектериндеги райондордо 11…13кө чейин жылуу болушу ыктымал.

Сезон свадеб в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан улам бүгүн кандай чектөөлөр кирди. Тизме
Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3…8ден 9…14 градус жылуулукка чейин, күндүз 13…18ден 23...28 градуска чейин өзгөрүлүп турат.

Тоо этектериндеги райондордо ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6дан 7…12 градуска чейин жетет. Айдын кээ бир күндөрүндө түнкүсүн жана эртең менен 0...-2ге чейин үшүк жүрүшү мүмкүн (мындай үшүк жүрүшүнүн ыктымалы ушул мезгилде 20-40 пайызды түзөт). Абанын күндүзгү температурасы 11…16 градус жылуулуктан 18…23кө чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү өрөөндөрдө нормага жакын болот (29-72 мм, тоо этектериндеги райондордо 45-157 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 7…9 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 3 градус сууктан 3…8ге чейин жылыйт. Күндүз 6…11ден 13…18 градуска чейин өзгөрөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (7-22 мм, чыгышында 31-64 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 7…9 градус жылуу болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4 градус сууктан …+1 андан соң 2...7 градуска чейин жылыйт. Күндүз 7…12ден жогорулап отуруп 13...18 градуска жетет.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (21-35 мм).

© © Кыргызгидромет2020 жылын апрель айынын жаан-чачындын орточо температурасы
Адаттан тыш ысык болобу? Апрель айына карата аба ырайы - Sputnik Кыргызстан
2020 жылын апрель айынын жаан-чачындын орточо температурасы

Алай өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, -1…-3 градус суук болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 2…7 градус сууктан 8…13кө чейин сууйт. Күндүз -2ден…+3 жана 5…10го чейин өзгөрүлүп турат.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (42-44 мм).

Суусамыр өрөөнү

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормага жакын болуп, 0…2 градус жылуу болот.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 1…6 градус сууктан, -8…-13кө чейин жетет. Күндүз 0…5 градус жылуулуктан 10…15ке чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (30-32 мм).

Жаңылыктар түрмөгү
0