Россияда коронавирус жуктургандардын ичинен беш адам айыгып кетти

© Sputnik / Владимир Вяткин / Медиабанкка өтүүМосквадагы жайында кишилер эс алып жүрөт
Москвадагы жайында кишилер эс алып жүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия аймагында 16-мартка карата вирусту жуктуруп алган 93 учур катталган.

БИШКЕК, 17- мар. - Sputnik. Россияда коронавирусту жуктуруп алган беш киши толугу менен айыгып кеткенин РИА Новости стопкоронавирус.рф сайтына шилтеме кылып берди.

"Ооруп калган беш кишинин сакайып кеткени кабарланды", — деп жазылган маалыматта.

Фриланс по-кыргызски — от программиста до стриптизерши - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт мүмкүнчүлүгү барларга үйдөн иштөөнү сунуштады
Россия аймагында 16-мартка карата вирусту жуктуруп алган 93 учур катталган. Жалпысынан 110 изилдөө жүргүзүлгөн.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 11-мартта планетаны "селт" эттирген COVID-19 вирусунун пандемияга өткөнүн жарыялаган.

17-март, эртең мененки маалыматка ылайык, коронавирус менен ооругандардын саны 182 405ке жетип, 7 154 адам көз жумду. Ал эми айыккан бейтаптардын саны 79 433.

Кыргызстандын коңшулары Казакстан менен Өзбекстанда бул вирусту жуктуруп алгандар бар экени маалымдалды. Кыргызстандын вице-премьери Алтынай Өмүрбекова бүгүнкү брифингде өлкөдө коронавирус жуктурган адам катталбагандыгын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0