Кайсы соода жайлары жабылбай тургандыгын Өмүрбекова айтып берди

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүРабота аптеки "Ригла"
Работа аптеки Ригла  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер коронавирус кооптуулугу учурунда жабылбай турган соода жайларында иштегендерге кандай талаптар коюлгандыгын айтып берди.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Бир катар тыюу салууларга карабастан базарлар менен дүкөндөр иштей берерин вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифингде айтты.

Ага чейин коронавирус кооптуулугунан улам Республикалык штаб тойлорго, куран окутууларга тыюу салганы кабарланган.

"Турмуш-тиричиликке зарыл болгон оокаттар сатылган соода жайлар, дарыканалар, дүкөн менен базарларды жаба албайбыз. Ал жерде иштегендерге коопсуздук боюнча кандай эрежелер каралышы керек? Алар бет кап кийгенге милдеттүү. Товар жана акча менен иштегендиктен кол кап кийип же колун улам дезинфекциялап турушу шарт", — деди Өмүрбекова.

Ал дүкөн менен соода борборлорунун ээлерине да түшүндүрүү иштерин жүргүзүү зарылдыгын жана коопсуздукту сактоо боюнча нускамалар таратып берилерин кошумчалады.

Вице-премьер коронавируска байланыштуу дагы эмнелерди айтканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0