Кыргызстан эл аралык поезд каттамдарын токтотту

Жазылуу
Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны күн сайын өсүп жаткандыгына байланыштуу өлкө бийлиги өзгөчө кырдаал жарыялаган.

БИШКЕК, 17-мар. – Sputnik. Казакстанда өзгөчө кырдаал режими ишке киргендигине байланыштуу "Кыргыз темир жолу" ишканасынын эл аралык каттамдагы жүргүнчү ташыган поезддери убактылуу токтотулат. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 17-марттан тарта, Бишкек – Москва, Бишкек – Казань, Бишкек – Новосибирск багыты боюнча каттаган поезддер ишин токтотот.

"Билет алып койгон жүргүнчүлөргө акчасы толугу менен кайтарылып берилет. Бишкек — Мерке каттамы дагы Кайыңды станциясына чейин кыскартылды", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Кыргызстандагы Бишкек — Токмок, Бишкек — Кара-Балта ички каттамдары өзгөрүүсүз иштей бермекчи.

Эске салсак, буга чейин Казакстанда дүйнөгө жайылып жаткан коронавирусту жуктуруп алган жарандар катталган. Акыркы маалыматтар боюнча, вируска кабылгандардын саны 13кө жетти. Алардын арасында эки жашар наристе дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0