Жээнбеков Аксы окуясына карата кайрылуу жолдоду

Жазылуу
2002-жылы дал ушул күнү, 17-мартта, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышы боюнча жергиликтүү эл нааразычылык жүрүшүнө чыккан.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков 2002-жылдагы Аксы окуяларына карата кыргызстандыктарга кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Пограничная застава в селе Ак-Сай - Sputnik Кыргызстан
Үзөңгү-Кууш Кытайга кантип өткөн? 1,5 кылымдык сүйлөшүүнүн тарыхы
Эске салсак, 2002-жылы дал ушул күнү, 17-мартта, Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаровдун камалышы боюнча жергиликтүү эл нааразычылык жүрүшүнө чыккан. Аларды токтотуу  үчүн Боспиекте тартип коргоо кызматкерлери күч колдонуп, ок чыгарып, анын кесепетинен алты адам каза болуп, бир нечеси ур-токмокко алынган. Бул боюнча тартип коргоо органдары тарабынан атайын "Тайфун" операциясы иштелип чыгып колдонулган.

Быйыл Аксы окуясына 18 жыл болду.

"17-марттагы Аксы окуялары — өлкөбүздүн демократиялык өнүгүү жолундагы улуу бурулуш катары тарыхта калды. Адилетсиздикке каршы жалпы элдик күрөштүн башаты, Март жана Апрель революцияларына түрткү болгон тарыхый окуя болуп бааланат. Бүгүнкү бийлик ошол окуяларда өлкө келечеги үчүн өз өмүрүн тобокелдикке байлап чыккан элдин ишенимин актоого болгон аракеттерди жасап жатат. Өлкөдө коррупция менен чечкиндүү күрөш, адилеттүүлүктү камсыздоого багытталган соттук реформа, укук коргоо органдарын реформалоо жүргүзүлүүдө. Кыргызстан үчүн өмүрүн сайган мекендештерибиздин элесине ар дайым башыбызды ийип, таазим этебиз. Жаракат алган, жаныбызда жүргөн Аксы окуясынын каармандарына тереӊ ыраазылык билдиребиз!" — деп жазылат маалыматта.

Өлкө башчы эл-жерге ынтымак, биримдик жана тынчтык каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0