10:26 02 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD82.2000
  • EUR90.0665
  • RUB1.0389
Коом
Кыскача шилтеме алуу
166 0 0

2016-2019-жылдары Кыргызстандын жарандыгын алуу боюнча жалпысынан 17 миңден ашуун арыз келип түшсө, документтин 80 пайызын этникалык кыргыздар даярдаган.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Акыркы төрт жылда 14 миң этникалык кыргыз Кыргызстандын жарандыгын алган. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, 2016-2019-жылдары КРдин жарандыгын алуу боюнча жалпысынан 17 512 арыз келип түшкөн. Документ тапшыргандардын 80 пайызын, тагыраагы, 14 001ин этникалык кыргыздар түзгөн.

Этникалык кыргыздар көбүнчө Өзбекстандан (6791), Тажикстандан (6480) жана Кытайдан (137) кайтып келип, Жалал-Абад, Баткен, Чүй, Ош облустарына жана Бишкек шаарына жайгашканы маалым болду.

Тема боюнча

Эл каттоо. Мамкаттоо Улуттук банк менен электрондук форматта иштей баштады
Белгилер:
этникалык кыргыздар, жарандык, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ