Карантинден баш тарткандар барбы? Башкы прокуратура обсервация жайларын текшерди

Жазылуу
Коронавирус жайылып жаткан өлкөдөн келген кыргызстандыктар эки жумалык карантинде кармалышат. Анализдери таза чыккандан кийин гана үйлөрүнө чыгарылат.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Башкы прокуратура обсервация жайларын текшерип, эч кандай мыйзам бузуулар катталбаганын аныктады. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, буга чейин эпидемиологиялык абал курчуп турган мамлекеттен келгендер карантинден баш тартып жатат деген маалымат тараган. Мындан улам прокуратура кызматкерлери Бишкек шаарындагы обсервация жайларындагы абал менен таанышууга барышкан. Обсервация жайлары Беш-Күңгөй айылындагы аскердик госпиталда, Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасында, "Манас" аэропортунда жана Москва районуна караштуу аймактык ооруканада жайгашкан.

"Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам бузуулар катталган эмес. Карантинге жаткандар жана медициналык кызматкерлер тарабынан нааразы каттар же кайрылуулар түшкөн эмес", — деп жазылат маалыматта.

Прокуратура мыйзамдардын аткарылып жатканына көз салып турат. Анын ичинде өлкөдөгү санитардык-эпидемиологиялык абал дагы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0