14:21 03 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Коом
Кыскача шилтеме алуу
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (675)
158 0 0

Ош шаарындагы коомдук тамактануучу жайларга, азык-түлүк дүкөндөрүнө, борбордук жана кичи базарларга санитардык көрсөтмөлөр берилди.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Ош шаарынын башчысы Таалайбек Сарыбашов калаадагы аэропорт менен обсервация жайларындагы (карантинге алынгандарды көзөмөлдөөчү жай — ред.) коронавирусту алдын алуу иштерине болгон даярдыгы менен таанышты. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов посетил международный аэропорт города Ош и здание обсерватории
    Ош шаарынын башчысы Таалайбек Сарыбашов калаадагы аэропорт менен обсервация жайларындагы коронавирусту алдын алуу иштерине болгон даярдыгы менен таанышты
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов посетил международный аэропорт города Ош и здание обсерватории
    Калаа башчысы чет өлкөдөн келген каттамдардан сырткары ички каттамдарды дагы тыкыр көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов посетил международный аэропорт города Ош и здание обсерватории
    Мэр шаар аймагындагы 237 койкалуу обсервация жайларынын даярдыгынан да кабар алды
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов посетил международный аэропорт города Ош и здание обсерватории
    Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан болсо коомдук тамактануучу жайларга, азык-түлүк дүкөндөрүнө, борбордук жана кичи базарларга санитардык көрсөтмөлөр берилди
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
  • Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов посетил международный аэропорт города Ош и здание обсерватории
    Ишкерлер арасында лекция окулуп, фотоматериалдар, брошюра жана плакаттар таркатылууда.
    © Фото / пресс-служба мэрии города Ош
1 / 5
© Фото / пресс-служба мэрии города Ош
Ош шаарынын башчысы Таалайбек Сарыбашов калаадагы аэропорт менен обсервация жайларындагы коронавирусту алдын алуу иштерине болгон даярдыгы менен таанышты

Калаа башчысы чет өлкөдөн келген каттамдардан сырткары ички каттамдарды дагы тыкыр көзөмөлгө алуу керектигин белгиледи.

"Ар бир жүргүнчүнү көзөмөлгө алуу керек. Эл көп чогулган жерлерде, ишканаларда дезинфекциялоо иштери улантылсын", — деди Сарыбашов.

Мэр шаар аймагындагы 237 койкалуу обсервация жайларынын даярдыгынан да кабар алды.

Ош шаардык ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан болсо коомдук тамактануучу жайларга, азык-түлүк дүкөндөрүнө, борбордук жана кичи базарларга санитардык көрсөтмөлөр берилди.

Ишкерлер арасында лекция окулуп, фотоматериалдар, брошюра жана плакаттар таркатылууда.

Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (675)

Тема боюнча

Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды
Кыргызстанда үч ири жарыш башка күнгө жылдырылды
Белгилер:
Таалайбек Сарыбашев, мэр, коронавирус, аэропорт, Ош

ЭҢ МААНИЛҮҮ