Бишкектин бир конушуна беш күн газ берилбейт

© flickr.com / Steven DepoloГаз плитанын иштеген учурунда
Газ плитанын иштеген учурунда - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ушул эле конушта 9-марттан 13-мартка чейин газ берүү токтотулган. Ремонт иштери колдонуучуларды жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. 16-марттан 20-мартка чейин Бишкек шаарынын Красный Строитель конушунда газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынан кабарлашты.

Газ берүү авариялык жана калыбына келтирүү иштери узартылып жаткандыгына байланыштуу токтотулуп жатканы айтылат. Мындай иштер колдонуучуларды жаратылыш газы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында жүргүзүлүүдө.

Буга чейин ушул эле конушта 9-марттан 13-мартка чейин газ берүү токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0