АКШда окуш үчүн Афганистанда иштедим. IT-компания негиздеген Динара менен маек

© Фото / Максим НогайОснователь и управляющий директор IT-компании Динара Руслан
Основатель и управляющий директор IT-компании Динара Руслан  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык окуу жайда билим алууга акча топтоо үчүн Динара Руслан эч бир иштен качкан эмес. "Ак эмгегим менен акча тапчумун, алдаган жокмун, уурдаган жокмун, кайыр сурабадым", — дейт биздин маектеш.

29 жаштагы Динара Руслан ушул тапта IT-компаниянын түптөөчүсү жана башкаруучу директору. Бийкеч АКШда үч жылдан ашуун окуп келген. Ал жакта билим алууга тыйын топтоо ниетинде Афганистанда бир жыл бою иштеген. Ийгиликтүү программист жеке баянынан кеп салып берди.

— Чет өлкөдө окусаң, демек, ата-энең укмуш бай деген көндүм пикир бар бизде.

— Мен орто жашаган үй-бүлөдө төрөлдүм, ата-энемдин менин окуума төлөй турган шарты жок эле. Эгер жогорку билим ала турган болсом, бюджетке өтүшүм керек деп талап койгом өзүмө.

"АКШда окуй тургандай министрдин кызы болбосоң..." дегендер көп болду. Билим алууга каражат топтоо үчүн мен Афганистандагы америкалык базада бир жыл иштегем. 

© Sputnik / Табылды КадырбековДинара Руслан: Афганистанга баратканда корктум. Баграм шаарында учак алмаштырдык, дал ошол маалда жаңыдан ок атылган экен, ар тараптан сиреналардын чуулдаганы угулуп турган эле.
АКШда окуш үчүн Афганистанда иштедим. IT-компания негиздеген Динара менен маек - Sputnik Кыргызстан
Динара Руслан: Афганистанга баратканда корктум. Баграм шаарында учак алмаштырдык, дал ошол маалда жаңыдан ок атылган экен, ар тараптан сиреналардын чуулдаганы угулуп турган эле.

— Ал жакта иштегендер менен да сүйлөшкөм. Маяна жогору болгонуна карабастан Афганистандагы жашоо жыргал эмес, себеби ал базаларды улам аткылап турушат эмеспи.

— Баратканда чындап коркком. Баграм шаарында учак алмаштырдык, дал ошол маалда жаңыдан ок атылган экен, ар тараптан сиреналардын чуулдаганы угулуп турган эле.

Студент в американском ВУЗе Чынгыз Оморов - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз кыздар чет элдиктерден эмнеси менен айырмаланат? Суктандырган жигиттин маеги
Аэропортто кай жакты караба, аскерлер гана курчайт. "Бул жакта эмне кылып жүрөм?" деген сезим кое бербейт десеңиз. Анан өзүмдү колго алып "Өзүң тандап келдиңби? — Өзүң! Чет өлкөдө окугуң келеби? — Окугуң келет! Анда чыда!" — дедим.

Кооптуу болсо болгондур, коңшу базаны аткылашканы менен Кудай жалгап, биздин базага эч ким кол салган эмес. 

— Жумушуңуз кандай эле?

— Багым бар экен, кеңседеги ишке кирдим, кагаздар менен иштедим. Абдан оор болду, анткени базада бир жыл жашайсың, тышына чыгууга болбойт. Китеп окуу жана спорт залынан башка көңүл аччу нерсе жок. Мындан сырткары, жайкысын саратан жан чыдагыс, ал эми кышкысын кар тизеден.

Робот сымал жүргөнгө эч нерсе сезбей, эч кимди сагынбаганга үйрөнөсүң. Ошентсе да эмне үчүн андай шартта иштеп жүргөнүмдү так билчүмүн. Ал жактан мен америкалык өкмөттүн сертификат жана грамоталарын алгам, алардын мага окууга виза алууга чоң жардамы тийди. 

© Фото / Зияда АжыгуловаДинара Руслан: Робот сымал жүргөнгө эч нерсе сезбей, эч кимди сагынбаганга үйрөнөсүң. Ошентсе да эмне үчүн андай шартта иштеп жүргөнүмдү так билчүмүн.
АКШда окуш үчүн Афганистанда иштедим. IT-компания негиздеген Динара менен маек - Sputnik Кыргызстан
Динара Руслан: Робот сымал жүргөнгө эч нерсе сезбей, эч кимди сагынбаганга үйрөнөсүң. Ошентсе да эмне үчүн андай шартта иштеп жүргөнүмдү так билчүмүн.

— Бир жылда канча каражат топтой алдыңыз?

— Чыпчыргасын коротпогонумда да 9-10 миң доллар чогулттум, турак жай жана тамак-аш бизге бекер берилген.

Эгер сен ниеттенсең, шарт өзү түзүлөт экен. Басып өткөн чыйырымдан уялбайм. Кийин дүкөндө, ресторанда меймандарды тосуп да иштеген күндөрүм болду. Ак эмгегим менен акча тапчумун, эч кимди алдабадым, жалган айтпадым, кайыр сураган жокмун.

Обучающийся в докторантуре в Саудовской Аравии Доолос Айбек уулу - Sputnik Кыргызстан
Сауд Аравияда докторантурада окуган Дөөлөс: стипендиям 25 миң доллардан ашат
Азыр сиңдимди окууга жөнөтүүгө шарт түзүлдү. Ага: "Бул албетте, сонун, мектепте окуп жатканың үчүн сенин курсуңдун акысын мен төлөп берем, бирок кийин бюджетке өтөсүң. Эгер өтө албасаң, анда билим алууңа өзүң акча топтойсуң" – дедим.

21-кылымда диплом үчүн, анан да туугандарынын эсебинен билим алуунун маңызы жок! Ата-энеси АКШда окууга бүт шартты түзүп берген курсташтарым да бар эле, бирок ачыгын айтканда, алардын "окуйт" деген эле аты бар болчу. Кечелерден башы чыкпай, күндөрдү бекер өткөрүп жүрүштү, бирок натыйжада эч бири жумушка кирген жок.

Акырында өз кесиби менен иш таба албай, ал жакта мыйзамсыз жашап калышты же ата-энесине кайтышты. Университетте окуган жылдары үчүн кандай акы төлөп жатканын түшүнбөсө, адам анын баркын билбейт.

— Окуу жайыңыз туурасында айтып берсеңиз.

— Окленддеги чакан жеке университет. Силикондук өрөөндүн бир бөлүгү болуп саналат. Башта Окленддин өзүндө жашачумун, бирок бир нече күн өтпөй октун үнү жаңырганын угуп калдым. Кадимкидей эле ок атылды! Гуглдан карап, Окленд АКШнын эң криминалдуу он шаарынын бири экенин ошондо билип жатпаймынбы!

Сан-Франциского көчүүгө аргасыз болдум, университетке чейин метро менен келчүмүн. Өзүмө ийкемдүү график түзүп алдым, сабактарым аптасына эки ирет болчу. Калган убакта эки жумушта: ресторанда жана дүкөндө иштедим. 

© Фото / Максим НогайДинара Руслан: Эгер сен ниеттенсең, шарт өзү түзүлөт экен. Басып өткөн чыйырымдан уялбайм. Кийин дүкөндө, ресторанда меймандарды тосуп да иштеген күндөрүм болду. Ак эмгегим менен акча тапчумун, эч кимди алдабадым, жалган айтпадым, кайыр сураган жокмун.
АКШда окуш үчүн Афганистанда иштедим. IT-компания негиздеген Динара менен маек - Sputnik Кыргызстан
Динара Руслан: Эгер сен ниеттенсең, шарт өзү түзүлөт экен. Басып өткөн чыйырымдан уялбайм. Кийин дүкөндө, ресторанда меймандарды тосуп да иштеген күндөрүм болду. Ак эмгегим менен акча тапчумун, эч кимди алдабадым, жалган айтпадым, кайыр сураган жокмун.

— Кыргызстандан экениңизди укканда америкалыктар кандай кабылдашар эле?

— Жумушка кабыл аларда мындай суроо беришчү эмес, анткени бул дискриминация катары кабылданышы ыктымал. Калгандарына кызык болчу, бирок эч кимиси бул эмне деген өлкө экенин элестете да алышчу эмес. Ошондо гана Кыргызстан мурдагы Советтер Союзунун бир бөлүгү экенин айтчумун, алар дароо түшүнүшчү.

Кыргызстанка Астра Рахматилла кызы, живущая в США - Sputnik Кыргызстан
Бир семестрде 27 миң доллар стипендия алчумун. АКШда иштеп калган Астранын баяны
Сан-Францискодо өзүмдү бөтөн сезген жокмун, ал жакта өз кишидей кабылданасың. Бирок 1,5 жыл Американын борбордук бөлүгүндө, Айова штатында жашадым. Ал жакта баары башкача. Бул кызыл, башкача айтканда, республикалык штат. Негизи АКШда республикалык (кызылдар) жана демократиялык (көктөр) штаттар бар (республикалык штаттар консервативдүү келишет, алардын көпчүлүгү иммиграцияга көз карашы түз эмес — ред.).

Айовадагы алгачкы күнүмдө кафетерийге тамагымды көтөрүп алып түшкөнүмдө эле башкалардан айырмаланарымды сездим.

— Америкада өз адистигиңиз боюнча иш табыш оңой болдубу?

— Жарым жылча ушунчалык көп резюме жөнөттүм, анткени анын ичинде АКШ жарандары менен да атаандашууга туура келди. Мыйзам катаал, ар бир эле ишкана чет элдик жаранды ишке ала албайт. Аларга бул кымбатка түшөт, анан калса, ашыкча иш кагаздары менен ким машакаттангысы келсин.

Сан-Францискодо жумуш таба албай, айлам кеткенде бүт Америка боюнча издеп киргем. Айовадагы IT-компаниядан сунуш түшүп калды, анан ошол жакка көчүп кеттим. 

© Фото / Максим НогайДинара Руслан: Ата-энеси АКШда окууга бүт шартты түзүп берген курсташтарым да бар эле, бирок ачыгын айтканда, алардын "окуйт" деген эле аты бар болчу. Кечелерден башы чыкпай, күндөрдү бекер өткөрүп жүрүштү, бирок натыйжада эч бири жумушка кирген жок.
АКШда окуш үчүн Афганистанда иштедим. IT-компания негиздеген Динара менен маек - Sputnik Кыргызстан
Динара Руслан: Ата-энеси АКШда окууга бүт шартты түзүп берген курсташтарым да бар эле, бирок ачыгын айтканда, алардын "окуйт" деген эле аты бар болчу. Кечелерден башы чыкпай, күндөрдү бекер өткөрүп жүрүштү, бирок натыйжада эч бири жумушка кирген жок.

— Келиңиз, АКШдагы жашоодон кеп салалы. 90-жылдары КМШ өлкөлөрүндөгү далай кыздар америкалык жигитке турмушка чыгууну кыялданышкан. Бул чындап эле бейиштеги жашоого жол ачып береби?

— Андай кыздарды билем. Айрымдары ажырашып тынды, кээси алигүнчө бактылуу өмүр сүрүп келишет. Бир топ жыл мурун америкалыктар менен узак жыл иштешкен агам мага: "Алар үчүн үйлөнүү — машина сатып алгандай эле кадам. Бизде нике — ыйык, өмүрдүн соңуна чейин. Ал эми алар бир-эки жылдан кийин кызыгы кетет, кайра жаңы нерсени каалашат", — деген.

Анын айтканындай эле бар. Биздин кыздар буга даяр болушу зарыл. Албетте, мен тең укуктуулук жана көз карандысыздыкты туу тутам, бирок баары бир мен үчүн үй-бүлө — ыйык. Бир адам менен жашап, бир-эки жылдан кийин оюңду алмаштырууга акың жок.

Бир жагынан америкалыктар эч качан аялдарын ашканага камап же үйдө отургузуп коюшпайт. Бул чындап кызыктырып турат. Бирок башка тарабы да бар! Аялдар "бүттү, биз үйлөндүк, мен чабалмын жана назикмин, балдар менен үйдө отурам, сен мени багасың" деп айта алышпайт.

Ал жакта андай жок! Эркек киши сага эч камырабастан "бала чоңойду, иште" деп коюшу мүмкүн. Мында кеп акча табышта дагы эмес, болгону аларда өз алдынчалуу аялдар бааланат.

Директор компании по организации образования за рубежом Алтынбек Бегалиев - Sputnik Кыргызстан
Студенттерди чет өлкөгө окууга даярдаган ишкер: 5 нерсени эстен чыгарбаш керек
Менин бир насаатчым бар эле, түрк кызга үйлөндү. Аялы виза көйгөйүнөн улам көпкө жумуш таба албай кыйналды. Адегенде "эмне деген өзүмчүл жан, сүйүктүүсү кыйналып жүргөнүн көрүп туруп жардам берип кое албаса" деп өзүмчө ал кишини жактырбай жүрдүм.

Кийин ал: "Мен аны күчтүү, көз карандысыз адам катары сүйдүм. Ал Америкага өз күчү менен баарына жетүү үчүн артында өз өлкөсүн, жакындарын калтырып келген. Ооба, мен анын көйгөйлөрүн чечип кое алам, бирок баарын өзү бүтүрсө, кийин өзүн азыркыдан да көбүрөөк сыйлап калат. 5-10 жылдан кийин эмне болот? Балким, мен жок болормун. Эгер баарын өзү жасап үйрөнсө, ал өзүн багып кетет, балдарды да чоңойто алат", — деп түшүндүргөн.

Ошондо аны угуп отуруп, муну биз түшүнө албайбыз го дегем. Мен дагы бутума бекем тургум келет, бирок ошол эле убакта эркек киши тирөөч болушу керек деп эсептейм.

— Кыргызстанда турмушка чыга элек кызды туугандары тим койбойт эмеспи. Сизди күйөөгө чык деп кыйнашпайбы?

— Айтпаңыз! Бирок үй-бүлөм менин бир аз башкачараак экениме көнүп калышты, биринчи кезекте өз ордумду табышым керектигин туура түшүнүшөт. Ошентсе да кээде убагы келгенин кыйытып калышат.

АКШда 30 жаштан кийин үй-бүлө куруу — кадыресе көрүнүш. Эгер 20 жашыңда үйлөнгөнүңдү угушса, "шашылып коюпсуңар" деп ойлоп коюшу мүмкүн. Адатта андай куракта үйлөнгөндөр эки башка жолго түшүшөт, 20 жашыңда сен өзүңдүн ким экендигиңди да билбейт эмессиңби. 

© Фото / из личного архива Динары РусланДинара Руслан: Сабактарым аптасына эки ирет болчу. Калган убакта эки жумушта: ресторанда жана дүкөндө иштедим.
АКШда окуш үчүн Афганистанда иштедим. IT-компания негиздеген Динара менен маек - Sputnik Кыргызстан
Динара Руслан: Сабактарым аптасына эки ирет болчу. Калган убакта эки жумушта: ресторанда жана дүкөндө иштедим.

— Бишкектик кыздардын көбү өстүрүлгөн кирпиксиз, бийик такасыз жана боексуз жашоону элестете алышпайт, ал эми Батышта мындай кездешпейт. КМШдан барган кыздар дароо айырмаланышат дешет.

— Ооба, дал ошондой. Биздин университетте аларды дароо шиш такасынан, көйнөктөрүнөн, абдан боенгондорунан дароо эле тааный алчусуң, "булар КМШдан" дейсиң. Экинчи курста кроссовки киймейге өтүшөт, үчүнчү курста боенбой, чачтары жөн эле түйүлгөн боюнча келе башташат.

Айтмакчы, ал жактан мен мурдагыдай чачымды кайра-кайра түздөбөй калдым. Табиятыман чачым аябай тармал. Эс тарткандан бери эле түздөп убара тартчумун. Эмнеге эле түйшүктөнөм дедим бир убакта. Өзүмдүн чачым ушундай болсо, ошол калыбында эле кабыл алайын деп чечтим! Нукуралык адамга көбүрөөк жарашат эмеспи.

— Бишкекке кантип кайтып калдыңыз?

— Кайтууга камына элек болчумун, каникулга гана келгем. Аэропорттон дароо эле кайрадан Бишкекте экеним сезилди. Анткени АКШда ар кадамыңда баары "Excuse me, miss" деп турушат, баары сылык, ал эми бул жакта...

Преподаватель английского языка в одном из ВУЗов Китая, кыргызстанец Курманбек уулу Каниет - Sputnik Кыргызстан
Кытайда англис тилинен сабак берген кыргызстандык мугалим. Кызыктуу маек
Үч чемоданды сүйрөп келгем, шляпачанмын. Көзөмөлдөөчү пунктта кабагы салыңкы кызматкер отурат. Түркия аркылуу учкандыгым үчүн суроолорду жаадырды: "Эмне максатта ал жакка бардың? Эмне үчүн? Эмнеге?". Түркияда жашабаганымды, Америкадан келе жатканымды түшүндүрүүгө туура келген.

Оокаттарым менен чыгып келе жатам, баары түрткүлөп, жол беришпейт. Аэропорттун алкагынан өтөт эмеспизби, адатымча адегенде бир айымга, дагы бир улгайган апага жол бошоттум, анан дагы бир кишини өткөрдүм... Карасам, баары эле жөөлөп өтүп баратат, ал эми мен ордумда турган боюнча калдым! Макул дедим өзүмө, мындай болбойт!..

Аэропорттон сыртка чыктым, дароо таксисттер тегеректеп, чемоданымды ар тарапка жулкулдата башташты. Дагы жакшы, мени атам тосуп алып, чемодандарымды кармап калды. Ошондо баарына көз чаптырып туруп, "Кудайым, мен үйдө экенмин!" дегем өзүмчө.

АКШга кайра учуп кетишим керек эле, бирок бул жактан мага IT-компаниядан баш тарта албай тургандай жакшы сунуш түшүп калды. 

© Фото / Максим НогайДинара Руслан: Сан-Францискодо жумуш таба албай, айлам кеткенде бүт Америка боюнча издеп киргем. Айовадагы IT-компаниядан сунуш түшүп калды, анан ошол жакка көчүп кеттим.
АКШда окуш үчүн Афганистанда иштедим. IT-компания негиздеген Динара менен маек - Sputnik Кыргызстан
Динара Руслан: Сан-Францискодо жумуш таба албай, айлам кеткенде бүт Америка боюнча издеп киргем. Айовадагы IT-компаниядан сунуш түшүп калды, анан ошол жакка көчүп кеттим.

— Азыр сиз өз ишканаңызды түптөп тим болбостон, программалоо боюнча жаштарды окутат экенсиз. Иш менен эч тааныштыгы жок кишиден толук кандуу кызматкерди даярдап чыгарууга көп убакыт кетеби?

— Бул багытына жараша, орточо 4-9 ай жумшалат. Биздин милдет — адамды окууну аяктары менен ишке кире алгыдай даярдоо. Бул тармакта жумуш табыш жеңил.

— Программисттердин маянасы тууралуу сыр бөлүшсөңүз.

— Жаңы баштагандар 200-300 доллар алышат, 1000-2000 — орто деңгээлдегилер алчу маяна. Эгер дасыккан адиске айлансаң, бул кесиптин дегеле чеги болбойт.

— АКШга кайра кайтууну ойлонбойсузбу?

— Кээде, өзгөчө, өлкөдөгү соңку окуялардан улам ыза болом. Эмнеге эле мындай кайталана берет? Эмнеге биз эч нерсе кыла албайбыз? Мыйзам жана тартипти кастарлаган адам катары менде да "бул жакта эмне кылып жүрөм?" деген ойлор жаралбай койбойт.

Ошентсе да, кудайга шүгүр, өзгөрүү бар. Жакшы көргөн ишибиз менен алектенүүгө бөгөт жок, пикирибизди айта алабыз. Эгер көңүлүбүзгө жакпаган нерсени ачык билдире албай калган күн келсе, кетишиме дал ошол нерсе түрткү болмок.

Жаңылыктар түрмөгү
0