Канададан келип дене табы көтөрүлгөн кыргызстандыктын анализи чыкты

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКоронавируска тест жасоо
Коронавируска тест жасоо - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаанын тургуну 6-март күнү Канада – Стамбул – Бишкек каттамы менен келген. Бүгүн соцтармакка аны медиктер алып кетип жаткан сүрөт тараган.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Дене табы көтөрүлүп ооруканага жаткырылган кыргызстандык жарандан коронавирус табылган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстандык кесиптеши Аскар Мамин менен жолугушуу учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт: кыргыз-казак чек арасы жабылбайт
Кечээ күнү атайын кийимчен медиктердин бригадасы жаранды Бишкектеги Көк-Жар кичи районундагы үйүнөн алып кетишкен. Анын мурдунан мазок алынып лабораторияга жөнөтүлгөн. Анын жыйынтыгы жаранга коронавирус жукпаганын көрсөттү.

Бишкек шаарынын тургуну буга чейин Канадада өткөн эл аралык конференцияга катышкан. Мекенине келгенден кийин иш-чаранын уюштуруучулары Торонто штатындагы конференциянын катышуучуларынын биринен коронавирус аныкталганын айтышкан.

Учурда жаран шаардагы бейтапканалардын биринде жатат, абалы канааттандырарлык.

Жаңылыктар түрмөгү
0