Тамак-аш баарына жетет, паникага алдырбагыла! Мэрия элди ынтымакка чакырды

© Sputnik / Нуржан НайзабековаСупермаркет. Архив
Супермаркет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, 13-март күнү кечтен тарта Бишкектин айрым дүкөндөрүндө, бүгүн базарларда кезек күткөндөр көбөйүп жатканын көрүүгө болот.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы шаарда тамак-аш жетиштүү экенин эске салып, тургундарды паникага алдырбоого чакырды.

Белгилей кетсек, 13-март күнү кечтен тарта Бишкектин айрым дүкөндөрүндө, бүгүн базарларда кезек күткөндөр көбөйүп жатканын көрүүгө болот.

"Тамак аш жетиштүү. Спекуляция кылгандар жазаланат. Баары тынч, баары биздин колубузда. Жергиликтүү бийлик жана акимиаттар базар, соода борборлорунун ээлери менен сүйлөшүүдө", — деп өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына муниципалитеттин аппарат башчысы Балбак Түлөбаев жазды.

Мындан тышкары, ал элди дүрбөлөңгө салууну каалап, жалган маалымат таратуу акыры барып товарлардын кымбатташына алып келиши мүмкүн экенин айтты.

Сөзүнүн аягында аппарат жетекчиси тастыкталбаган маалымат таратпоого жана алар менен социалдык тармактарда бөлүшпөөгө үндөдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0