Бала бакчалар кандай шартта иштейт? Министрлик жаңы маалымат таратты

© AFP / LOIC VENANCEБала бакча тарбиялануучусу. Архив
Бала бакча тарбиялануучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин өкмөттүн маалымат кызматы бала бакчалар карантини боюнча чечим дүйшөмбү күнү кабыл алынарын кабарлаган эле.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстанда бала бакчалар ишин токтотпойт. Бирок ата-энелер каалабаса балдарын жибербей койсо болорун Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Буга чейин өкмөттөн бала бакчалар карантини боюнча чечим дүйшөмбү күнү кабыл алынарын кабарлашкан.

"Бала бакчалар кадимкидей иштей берет. Бирок каалаган ата-энелер балдарын үйүндө кармаса болот", — деп айтышты министрликтен.

Буга чейин Кыргызстанда мектептер жана жогорку окуу жайлары карантинге чыгары айтылган.

Чет өлкөдөн келген жүргүнчүлөрдү текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга коронавирустан улам 7 өлкөнүн жарандары кире албайт. Жаңы документ
Эске салсак, 11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган.  Ошондон улам коңшу жана алыскы чет өлкөлөр окуучу жана студенттерди каникулга чыгаруу боюнча чечимдерди кабыл ала баштады. Мисалы, Россияда балдар эркин окуу формасына өткөрүлдү. Ал эми казак бийлиги каникулдан кийин окуучуларды онлайн окутуу жактарын карап жатат.

Учурда Кыргызстан боюнча коронавирус жуктуруп алгандар каттала элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0