10:54 07 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8713
  • EUR91.6016
  • RUB1.1108
Коом
Кыскача шилтеме алуу
590 0 0

Улуу гуманист, ойчул, акын жана тарбиячы, дин таануучу Жалал ад-Дин Руми Чыгыш адабиятынын Абдурахман Жами, Алишер Навои, Абай Кунанбаев, Тоголок Молдо, Молдо Нияз сыяктуу улуу акындарынын чыгармачылыгына жол көрсөткөн.

Мындан сырткары, анын чыгармаларынын таасиринде немис философу Фильгельм Фридрих Гегель, акын Иоганн Гёте, орус тамсилчиси Иван Андреевич Крылов сыяктуу дүйнөлүк маданияттын таанымал инсандары өз эмгектерин, ыр-поэмаларын, тамсилдерин жазган.

Биз бүгүн орто кылымдагы орошон аалым жана акын тууралуу 12 фактыны сунуштайбыз.

Толук аты-жөнү, теги, псевдонимдери. Негизги биринчи аты, теги – Мухаммед ибн Мухаммед ибн Хусайн Хусайни Хатиби Бакри Балхи. Түрк-мусулман дүйнөсүндө атактуу эмгектерди жазганы үчүн урмат менен "Мевлана" деп да айтышкан. Бул сөздүн мааниси араб тилинен кыргызчага которгондо "эгебиз", "кожоюнубуз" дегенди түшүндүрөт. Бул атакка бир гана ушул киши татыган, ошон үчүн "Мевлана" дегенде да ошол кишини гана түшүнөбүз. Ал эми Руми анын кошумча тек-аты. 1228-жылы Борбор Азиядан Батышка ооп Кичи Азиянын Конья султандыгында (азыркы Түркия аймагы) жашап калат. Ал жер аябай көп уруу-уруктан турган жана Селжуктардын борбору эсептелген. Шаар маданияттын, илим-билимдин, диндин очогу болуу менен шаар башчы өзү кичинекей Жалал ад-Диндин атасы Баха ад-Дин Валадди чакырып алат, ага ири медреселердин биринде иштөөнү сунуштайт. Ал кезде ушул жерди дүйнөнүн башка эли Рум жери (Рум дияры) деп аташкан жана ал кезде жазган кишилер псевдоним катары өз мекенин көрсөтүү салтын катуу карманган. Ушундан да Мухаммед Жалал ад-Дин деген атка Руми (Румий, румдук) деген кошумча сөз кошулган. "Жалал ад-Дин" деген сөздүн мааниси болсо, "динге, ишенимге даңк" дегенди билдирет.

Туулган жери боюнча талаш да бар. Акын 1207-жылы 30-сентябрда Балх шаарында диний аалымдын үй-бүлөсүндө туулган делет. Көпчүлүк изилдөөчүлөр бул шаар азыркы Ооганстанда дешет. Ал эми Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон 2006-жылы 20-январда Конья шаарында өткөн Румиге арналган жыйында бир маалыматты бөлүшкөн. Ал учурдагы Тажик Республикасынын аймагынын чыгыш жагында туулуп, балалык чагы Ооганстандын тоолуу Балх деген жеринде өткөндүгүн айткан. Ал кезде Ирандын Хоросан аймагына кирген Балх аймагына караган Вахш жеринде жарык дүйнөгө келген дешет.

Ата-теги. Атасы Баха ад-Дин Валад (1148-1231) эл тарабынан "Акылмандардын Султаны" деген атак атка арзыган, анткени ал илим-билимдүү адам болгон. Ошол киши илим жагынан да, адабият жагынан да баласынын устазы болгон. Анын калыптанган чөйрөсү Борбор Азия, ал жердеги фарсый жана түркий элдер эле. Тай жагынан хорезмдик падышалар менен улашып кетет. Жигиттик кезде устазы эсептелген атасы каза болуп, 1232-жылдан аяш атасы Саид Бурханедден илим алуусун уланткан. Кийин Конья анын мекени болуп калган. Соңку өмүрү ошол кездеги селжуктардын ордо калаасы Конья шаары менен байланышат.

Устатын издеп... 1248-1250-жылдар аралыгында ал устаты Шамске бетме-бет жолукпаса да, руханий абалда жолуккан. Ал тууралуу: "Физиологиялык жактан андан алыстамын, бирок экөөбүз тең жансыз абалдагы нурбуз. Эй, издеген киши! Кааласаң аны көр, кааласаң мени... Мен – алмын, ал дагы – мен", — деп айткан. Демек, ал али көрө элек, жолуга элек устатын көкүрөгү менен издеген. Кийин устат-шакирт болуп жүрүп, Шамса Табриз (Табриздик Күн) дервиштик кылып, адамдарды пакизалыкка, актыкка чакырган, бирок өмүрү трагедиялуу аяктап, аалам кезип жоголуп кетет. Жалал ад-Дин ошол устат-досун эстеп, издеп, аны урматтап, китебин "Шамса Тарбиз дивандары" деп атаган.

Дервиш болуп эл-жерди кезген. Мухаммад Жалал ад-Дин ислам дүйнөсүнүн маданий жана руханий борборлору катары эсептелген Нишапур, Багдад, Мекке, Медина ж.б. шаарларды дервиш катары кыдырган. Эл менен сүйлөшүп, өзүнүн ички дүйнөсүн байыткан жана ал байлыктарын башкаларга тараткан.

Атактуу китептери. Анын мусулман дүйнөсүнө гана эмес жалпы планетага тараган китептери белгилүү. Алар төмөнкүлөр: "Дивани Кебир" ("Улуу жыйнак"). 25 миң сап газелдерден жана 7 миң сап рубаилерден турган бул көлөмдүү китепти "Дивани-Шамс", "Дивани Шамси Табризи" деп да аташат, себеби ал улуу устаты Шамстын таасири менен жазылган. "Маснави". Месневи – бейт формасында, б.а., уйкаш эки (кош) саптардан куралган чыгарма. Бул эмгекти автор өзү "Курандын чечмелениши", "Залкар түшүнүк" деп да айткан учурлары бар. Китепти шакирттерине айтып берип жаздырып отуруп, бир канча жылдын ичинде 26 660 бейттен турган 6 томдук китеп жазылып бүтөт. Эмгек бүтөрү менен эле медреселердин негизги окуу куралына айланган. Себеби анда кызыктуу, түшүнүктүү тамсилдер, күлкүлүү аңгемелер, макалдар, пайгамбардын хадистери, курандын аяттары арбын болуп, ошолордон автор тарбиялык мораль чыгарган. Ырларында карама-каршылыктар: жарык жана караңгы, күн жана түн, кара өзгөйлүк жана ак ниеттик, сүйүү жана жек көрүү, жаштык жана карылык ж.б. түшүнүктөр бири-бирин толуктап келет. "Фихи Ма-фих" ("Ичиндегилер ичинде" маанисинде). Бул эмгекке Мевлананын үйдө, жыйналыштарда, мечитте достору, шакирттери менен отурганда айткан ар кандай үгүт-насааттары кирген. Алар шакирттери жана баласы Султан Велед тарабынан жазылып алынган жана көзү өткөн соң жарыяланган. "Межалиси Себа" ("Жети Насаат"). Мевлананын бул китеби диний мазмунда болуп, кара сөз, ыр аралаш жазылган, курандан, хадистерден үзүндүлөр берилген, адамдарды тазалыкка чакыруучу эмгек. Ошондой эле Ибн Синанын, Феруддин Аттардын, Санаинин ырларын талдап, окурмандарга түшүндүрүп берген. "Китабы Тевфик Субхани". Бул көлөмү анча чоң эмес китепте сопучулук агымын үгүттөгөн жана Шамси Тебризи менен болгон маектешүүлөрү орун алган. "Мектубат" ("Каттар"). Балдарына, шакирттерине, жакындарына жана жогорку жактагыларга муктаж болгон адамдардын муктаждыктарын билдирүү иретинде жазган 147 каттан турган бул китеп да философиялык, педагогикалык мазмунунун жогорулугу, гуманизми менен өзгөчө бааланат.

Сопучулук агымдын ири өкүлү. Ал фарсий, араб, түрк, грек тилдерин үйрөнүп, алардын баарында жаза билген. Дин илимин тереңдетип отуруп, сопулук (суфизм) багытын жаратат. Адамдын жанын, жүрөгүн адамгерчиликтин бийик нерсеси катары карап, алардын абалын Алла-Таала менен байланышта, терең катышта чечүүгө багыт алат. Ошон үчүн ыр жана айланып-чимирилген бийлөө менен жаратканга жетүүнүн жолдору бар экендигин аныктайт. Анын газелдери ырдоого, музыкага ылайыкташып, ыргактары келишип турат. Анын эмгектеринде Курандын аяттары жана хадистер көбүнчө фарсий тилине которулуп түшүндүрүлөт да, адамзаттын руханий мүлкүнө айланат. Жалал ад-Дин ислам динин даңазалоочу, анын сопучулук ойлорун элге жайылтуучу болгон, ошол эле кезде достук, туугандык, сүйүү, адамгерчилик тууралуу философиялык ойлорду айткан. Анын окуусунун башкы ою – адамды сүйүү, урматтоо.

Анын этикалык ойлору. Бейишке чыкчу адам кызганчаак, көрө албас болбошу керек, адамдардагы изги сапаттар: достук, бир туугандык, башкаларга жарык чачуу, бирөөлөрдүн ийгиликтерине кубануу. Адам жашоосундагы эмгектин ролун жогору баалап, эмгектен тапкан ырахат менен адам ырыскы таап, дөөлөткө жетерин белгилейт. Сопучулар идеясы боюнча адамдын өзүн-өзү таануусу, калыптануусу негизги үч этаптан турат: биринчиси – шариат; экинчиси – тарикат; үчүнчүсү – акыйкат. Адам ушуларды басып өтүп гана адамды жана ааламдын таанып билүү процессин, анын эволюциясын, теория менен практиканын байланышын, акыйкатка жетүүнүн жолун, жетилүүнүн баскычтарын түшүнөт.

Ар түрдүү дин өкүлдөрүн ынтымакка чакырган. Анын гуманизми бир гана мусулман дининдеги адамдарды сүйүү эмес, жалпы диндерди урматтоо менен байланышат, "…Келгин, кел, биз жакка, сен ким болбогун келгин, сен кудайды тааныбасаң да, христианин болсоң да келгин", - деп адамдарды диний ишенимине карабай өзү жашаган Конья шаарына чакырган.

Анын жети насааты жалпы дүйнөгө кеңири таралган. Алар:

Жоомарттык жана жардамда шаркырап аккан суудай бол
Боорукердик жана мээримдүүлүктө жадырап тийген күндөй бол
Бирөөнүн кемчиликтерин жашырууда караңгы түндөй бол
Каарың келип, ачууланганда, үн чыгарбас балыктай бол
Токтоолукта жана жөнөкөйлүктө жердей көтөрүмдүү бол
Чыдамдуулукта чалкып жаткан деңиздей бол
Кандай болсоң, ошондой көрүн, же кандай көрүнсөң, ошондой бол.

Руми дүйнөлүк илимде аябай көп изилденди. Батышта окумуштуулардын чоң тобу, түркиялык окумуштуулар анын чыгармаларындагы философиялык, этикалык, педагогикалык, теологиялык көз караштарды изилдешти. Орусияда жана СССРде Е.Э.Бертельс, И.С.Брагинский, В.Гордлевский, В.А.Жуковский, А.Крымский ж.б. чыгыш таануучулар, Тажикстанда А.М.Богоутинов, Х.М.Зиёев, Н.Одилов, М.Т.Мухаммаджонова ж.б. окумуштуулар бул инсанга кайрылды. Ф.Руш "Джалаледдин Руми" аттуу мыкты көркөм-документалдык чыгарма жазган.

Чыгармалары кыргыздар арасына төрт түрдүү булактар менен тараган. Биринчиси, медреселерде окуган талабалар анын китептерин оригиналда окуп, таанышкан; экинчиси, чыгыш адабиятынын курамына Жалал ад-Дин Руминин чыгармалары кирген да, ошолор аркылуу кыргыздарга өткөн; үчүнчүсү, ислам адабияттары аркылуу кыргыз элине тараган; төртүнчүсү, оозеки формада ооздон оозго өтүп келген. Кыргыз окурмандары анын чыгармаларын Эрнис Турсунов, Эгемберди Эрматов, Кыялбек Урмамбетов, Кемел Белеков, Кубанычбек Басылбеков, Алтынбек Исмаиловдун котормолору аркылуу таанышты. Ал 1273-жылдын 17-декабрында 66 жашында дүйнөдөн өткөн.

Румини урматтоо. Жалал ад-Дин Руми XIII кылымга чейин Борбор Азияда, Иранда, Анадолуда эл арасында айтылып жүргөн тамсил, ривоят, анекдот, ыр сыяктуу нерселерди кайра иштеп чыгып, аларга чыгармачылык менен өз мамилесин киргизип, кайра элге тараткан, булардагы күлкүгө басым жасабай, ошол күлкүнүн таалим-тарбиялык жагына басым жасаган. Ал Грециянын байыркы доорунан тартып Чыгыш-Батыш адабиятын, философиясын чыгармачылыгында синтездей алган сөздүн чыныгы маанисиндеги таң каларлык классик акын, аалым болгон. Ал өлбөс поэзиясында жана насаат китептеринде Адам менен кудайды жакын алып караган жана диний догмаларга каршы туруп, адам дилинин керемет күчүнө, сыйкыр дүйнөсүнө жогору баа берген, дал ушунусу менен өзүнө чейинки адабияттан бир кадам алдыга озуп чыккан. Руми көп чыгармаларын фарсий тилинде жазса да, осмон түрк адабиятынын бийик жылдыздарынын бири катары тарыхка кирди, ал эми анын уулу Султан Веледди Түркия адабиятынын негиздөөчүсү катары жаңы доор адабиятынын башатында турган. Азыр Түркиянын Конья шаарында Руминин үй-музейи орун алган, ал жерге дүйнөнүн туш тарабынан зыяратчылар келип турат, ушул эле шаарда анын атында университет бар, 2007-жыл ЮНЕСКО тарабынан "Мевлана Жалал ад-Дин Руми жылы" деп таанылган.

Тема боюнча

Боорунда буту жок, жылан байкуш кантти экен... Асан Кайгы тууралуу 10 факт
Аял бүткөндүн эң жаманы — кесир аял. Коркут ата тууралуу 10 факт
Белгилер:
идея, коньяк, ЮНЕСКО, философия, Мевлана Жалал ад-Дин Руми

ЭҢ МААНИЛҮҮ