Коронавируска байланыштуу эл каттоо жылдырылабы? Расмий жооп

© Sputnik / Жоомарт УраимовАял баракта жазып жатат. Архив
Аял баракта жазып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белгилей кетсек, буга чейин коронавирус коркунучунан улам өлкөдө бир нече иш-чаралар токтотулуп же кийинкиге жылдырылган.

БИШКЕК, 14-мар. — Sputnik. Кыргызстанда эл жана турак жай фондун каттоо иш-чарасы жылдырылбай, өз учурунда өтөт. Мындай чечим бүгүн, 14-мартта, Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун катышуусунда өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынында кабыл алынды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.

"Эл каттоо мурда белгиленгендей эле өлкө боюнча 23-марттан 1-апрелге чейин, алыскы тоолуу аймактарда 20-29-апрелде өтөт", — деди жыйынга катышкан Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов.

Белгилей кетсек, буга чейин коронавирус коркунучунан улам өлкөдө бир нече иш-чаралар токтотулуп же кийинкиге жылдырылган.

Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Ал Кыргызстанда быйыл биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өтөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0