01:16 05 Баш оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7102
  • EUR100.3901
  • RUB1.1638
Коом
Кыскача шилтеме алуу
842 0 0

Алтынбек Сапаралиев чыгармачылыгынын аркасы менен өз учурунда катуу таанылып, ошол кезде өлкөдө жарык дүйнөгө келген ымыркайлардын көпчүлүгүнө анын ысымы ыйгарылган. Азыр КРдин Эл артисти пенсияга чыгып, бакубат карылыкты башынан өткөрүүдө.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы республикада эстрада жанрынын түптөөчүлөрүнүн бири менен маек курду.

— Айылда өскөн 14 жаштагы өспүрүм борбор калаага билим алганы келип, кийин айдоочу, зоотехник болуп иштеп жүрүп ырчылык өнөрдү аркалап калганын билебиз. Сахнага чыкпай калсаңыз кайсы кесипти тандамаксыз?

— Кээде чыгармачылыкта ойлогонум ишке ашпай калса, эмне менен алектенем деп ойлонуп калчумун. 1961-жылы 7-классты аяктаган соң күбөлүк колубузга тийип, классташ беш бала Фрунзеге окууга тапшырганы келдик. Ал окуу жайга мен өтпөй калып, Кантка жакын жердеги Фрунзе айыл чарба техникумуна эптеп киргем. Музыкага шыгым бар экенин, ырдай ала турганымды 16 жашымда байкадым. Жатаканада татар жигит баян чертип ырдап калчу, мен аны менен ырдап, өз алдынча алектенип окуу жайдын өздүк көркөм чыгармачылык тобунун репетицияларына катыша баштадым. Кийин айылга практикага жөнөткөндө айдоочу, зоотехник болуп иштеп жүрүп клубдагы иштерге аралашып, райондук, облустук, республикалык кароо-сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып жүрдүм. Азыркы ырчылардай болуп төрөлгөндө эле ырдап баштагам деп айта албайм. Эгер ырчы болбой калсам, айылда жөнөкөй эле айдоочу болмокмун.

Народный артист Кыргызской Республики на пенсии Алтынбек Сапаралиев в редакции Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Мирбек Сакенов
"Азыркылардай болуп төрөлгөндө эле ырдап баштагам деп айта албайм. Эгер ырчы болбой калсам, айылда жөнөкөй эле айдоочу болмокмун", — дейт Алтынбек Сапаралиев.

— Анан айдоочу болчу элеттик жигиттин чыгармачылыкка аралашып калуусуна эмне себеп болду?

— Биздин айылга Опера жана балет театрынан артисттер спектакль коюп барып калды. Афишаларын орус тилинде жазып чаптап чыгышыптыр. Анан элет жеринде жашагандар орусча экен деп келбей коюптур. Мен эртеси күнү досумдун автоунаасын айдап чыгып, афишанын ар бирине кыргыз тилинде деп жазып борбордон келген чыгармачыл топ менен отуруп калдык. Көркөм жетекчим конокторго ырдап берчи деди. Ал фортепианодо ойноп берип, мен бир-эки чыгарма аткардым. Артисттердин бири "сен айылда эмне кылып жүрөсүң, жакшы үнүң бар экен, филармониянын эстрадалык студиясы ачылды, ошол жакта окубайсыңбы" деп калды. Ошентип ал чакыруу кагазын жиберип, мен ата-энемдин каршылыгына карабай айлыктан чогултуп жүргөн 50 рубль акчамды столдун үстүнө коюп, кат жазып, айылдагы жумушумду таштап борборго кетип калгам. Бул жактан сынакка катышып филармониянын алдындагы студияга өтүп кеттим. Бир жылдан кийин кыргыз эстрадасы чогула баштады, ага чейин бизде андай топ жок болчу. Репетициясын калтырбай көрүп, аспап, техникаларын кармалашып жүрүп, раматылык Чоро Кожомжаров менен жакын болуп аралашып кеттим.

— Башыңыздан көп эле нерсе өтсө керек?

— Мен жаштарга "чыгармачыл жол түптүз болбойт, кээде кулап, кээде чуңкурга түшүп кетесиңер" деп айтып калам. Мисалы, 1969-жылы айылда жүрсөм Чоро Кожомжаров "тез кел, Өзбекстанга, Прибалтика өлкөлөрүнө адабият жана маданият жумалыгын өткөргөнү барабыз" деп калды. Сүйүнүп Таластан келип үч кыргызча, үч орусча ыр даярдадык. Делегациянын көркөм жетекчиси менин аткаруумду угуп жаратпай, башка ырчыны кошуп коюптур. Бир маалда мага "сен барбай калдың" деп айтышты. Ошондо азыркы "Тунгуч" театрынын фойесине чыгып алып "жарабагандан кийин бул жакта эмне кылып жүрөм, эмнеге келдим" деп ызаланып кадимкидей ыйлагам. Окен Усубалиев менен Сардарбек Жумалиев келип акыл-насаатын айтып, кайра айылга кеткем. 1970-жылы Нарынга гастролдоп барып толкунданганымдан сахнага чыкканда ырымдын сөздөрүн унутуп, Нарын шаарындагы эски театрда профессионалдык тушоом кесилген. Мен Кыргызстандагы биринчи эстрадалык топтун курамына кирип, ал жанрдын түптөлүшүнө катышып калганыма сүйүнөм.

— Сиздердин муун кыркын, сакмал деп эле талаа-түз, кокту-колотту аралап жүрдүңүздөр да. Өмүрүңүздүн басымдуу бөлүгү ошол жакта өткөнүнө өкүнбөйсүзбү?

— Биздин учурдагы артисттер деле жакшы учурда иштеп калыптырбыз. Бизге чейинкилер колуна комузун алып, көйнөктөрүн көтөрүп бир айылдан экинчи айылга чейин жөө же ат менен барышчу экен. Биз аларга караганда автобус, жүк ташуучу унаа менен жүрүп, мейманканаларда жатып жүрдүк. Кыркын, сакмал, малчылардын майрамы деп талаа-түз, кокту-колотто жүрдүк. Такыр өкүнбөйм, кыргыз элиме чоң рахмат, бир жолу дагы ачка калган жокпуз.

Народный артист Кыргызской Республики на пенсии Алтынбек Сапаралиев в компании людей
© Фото / из личного архива Алтынбека Сапаралиева
"Бир жолу тааныштардын чакыруусу менен ресторанга барып майрамдап, суранып жатып ырдатышкан. Эртеси жетекчиден тил уккам. Ал кезде тойдо ырдасан балээге калчусуң", — дейт Алтынбек Сапаралиев.

— Кезинде сиз өтө популярдуу болуп, эл арасында жакшы таанылганыңызды көпчүлүк унута элек. Анын сыры "Кантың бар" ырындабы?

— Чоро Кожомжаров мага обон, чыгарма тандаганды үйрөттү. Ал кезде концертте аткара турчу чыгармалар сөзсүз көркөм кеңештен өтчү. Биз элге жага турчу, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болчу ырларга басым жасачубуз. Мисалы, Кыргыз ССРинин 50 жылдыгы белгиленип, иш-чарага СССРдин министрлер кеңешинин төрагасы Алексей Косыгин жана биздин республиканын жетекчилери да катышкан. Мен Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестри менен сөзү, обону Шаршен Термечиковго таандык "Кантың барын" ырдап чыкканда Косыгин, Усубалиев тура калып кол чапкан. Анын аркасы менен ыр элге тез жайылып, мен да бат эле таанылып кеткем. Ошол үчүн кыргыз элиме абдан ыраазымын. Бир жолу келинчегим Баткенге барып, эки кызым менен сыркоолоп ооруканага жатып калыптыр. Кайненем чалып тез келбесең болбойт калды деп калды. Мен самолет менен учуп барып ооруканага кирдим. Ошондо короодо жөрмөлөп жүргөнү деле, ыйлаганы деле, темтеңдеп басым жүргөнүнүн дагы аты Алтынбек экен. Ата-энелери аларды чакырганда мен элеңдеп эле тегерегимди карап калгам.

— Союз учурунда маданият кызматкерлерин мамлекет катуу көзөмөлдөчү да. Той-топурда ырдап калдыңызбы?

— Тойго барып ырдасаң балээге калчусуң. Мен бир жолу тааныштардын чакыруусу менен ресторанга барып майрамдап калдык. Ал жактан ырдап берчи деп суранып калышты, мен бир-эки чыгарма аткарып берип койгом. Ал филармониянын жетекчисине чейин жетиптир. Эртеси күнү таң атпай кабинетине чыкыртты. Жарым сааттай тил угуп, акчалай сыйлыктан ажырап, катуу сөгүш жана акыркы эскертүү алгам. Андан сырткары, эстрадада ырдаганыбызга карабай бизди сахнада кыйшаңдатчу эмес. Бир жолу гүл көтөрүп сахнага чыккан күйөрман кызды бетинен өбө коюп сөгүш алып, жумуштан да айдалып кете жаздагам. Жада калса, биздин сахнага чыгаар алдында багалегибизди көтөртүп байпагыбыздын өңүн текшерчү. Ак, кызыл түстөгү байпакты такыр кийчү эмеспиз, көк, күрөң же кара түскө гана уруксат берчү. Ушундай кызыктуу окуялар көп болду.

— Бир маегиңизде "мен аялыма 100 эмес, 150 пайыз ишенем" деген жайыңыз бар. Үй-бүлөнү бекем ишеним гана кармап турат деген пикирге кошуласызбы?

— Мен 24 жашымда үйлөндүм. Жашоодо жубайлар бири-бирине толук ишенбесе турмуш болбойт. Филармонияда иштеп жүргөндө гастролго чыгуу зарыл болсо, кабагым-кашым дебей аялым кийим-кечемди даярдап узатып жиберчү. Кудай бизге эки кыз, бир уул берди, аларды унчукпай эле өзү тарбиялап чоңойтту. Мен чыгармачылык менен алектенип, бир жылда алты айга жакын талаада жүрчүмүн. Ал жылдары бир да жолу кайдасың, эмне кылып жатасың деп сурап койгон жок. Таанылып, эл оозуна алынып калганда азгыруулар өтө көп болот. Кийин филармонияда административдик жумушка орношуп, бир жаштагы кичүү баламдын тарбиясына аралашып калдым. Байбичеме миң мертебе ыразымын.

Народный артист Кыргызской Республики на пенсии Алтынбек Сапаралиев в редакции Sputnik Кыргызстан
© Sputnik / Мирбек Сакенов
Сапаралиев небере таттуу болорун, ал эми чебере андан да таттуу болорун интервью учурунда айтып берди.

— Быйыл 74 жашка чыгат экенсиз. Небере, чөбөрөлүү болуп турган кезиңиз. Ушул учур кандай курак экен?

— Жаш кезде үй-бүлөнү багам деп жанталашып жүрүп өз балаңа сүйүү бере албай калат экенсиң. Андан кийин неберелер пайда болгондо бүт сүйүүңдү берсең, чөбөрөлөр төрөлгөндө коргошундай болуп эрип эле жатып калат экенсиң. Кудайга шүгүр, төрт уул, төрт кыз небере, эки чөбөрөлүү болдук. Жараткан ден соолук берсе, кыбыра көрсөк деген тилек бар. Кээде бир жериң ооруп калат, бирок ага көңүл бурбай жүрөбүз. Дайым кыймылда болуп, ооруга моюн бербеш керек экен.

Тема боюнча

Топудай кыргыздын башына тоодой кайгы үйүлбөсө дейм. Сейдакматова менен дил маек
Эки миң долларлык эмгегим Европада 38 миң еврого сатылыптыр. Сүрөтчү менен маек
Аялмын деп үйдө отура бербеш керек. Шаардык дыйкан келин  менен маек
Белгилер:
Кыргызстан, эстрада, Алтынбек Сапаралиев, маек

ЭҢ МААНИЛҮҮ