Коронавирустан улам жума намаз кыскартылды. Башка талаптар да коюлду

© AFP / CHAIDEER MAHYUDDINМусульмане в мечети
Мусульмане в мечети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтият кырдаалга жараша бул чечимдер өзгөрүүсү мүмкүн экенин эскертти. Кооптуу абал жоюлган соң убактылуу чектөөлөр алып салынат.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Аалымдар кеңешинин VI чакырылышынын чукул жыйыны өтүп, анда коронавирусту алдын алуу максатында диний, маданий жана башка массалык иш-чараларды өткөрүүгө убактылуу чектөө киргизүү үчүн бир катар чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.

Выдача кредитов в КР - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: туризм тармагындагы ишкерлер Салык кызматына каникул сурап кайрылат
Анда мечиттерде жана башка жайларда диний, маданий өңүттөгү массалык иш-чаралар, окуулар, конференция, семинарларга, жума намазга чейинки баяндарга убактылуу чектөө киргизилди. Зикир жана дубалар убактылуу кыска окулуп, даават боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырмасы берилди. Ооруп жаткандар менен ден соолугу начар карыяларга мечитке келбей туруу сунушталды. Мындан сырткары, мечиттер жана диний окуу жайлар тез-тезден дезинфекцияланып, мечиттин ичинде кол алышып саламдашпай коё туруу зарылдыгы айтылды.

Ачык жана жабык типтеги диний окуу жайларды каникулга чыгаруу өлкөдөгү жалпы абалга жараша ишке ашырылары да айтылды.

Муфтият кырдаалга жараша бул чечимдер өзгөрүүсү мүмкүн экенин эскертти. Кооптуу абал жоюлган соң убактылуу чектөөлөр алып салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0