Улуттук гвардиянын жоокерлери Москвадагы парадга катышуу үчүн документ алууда

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук гвардиянын жоокерлери. Архив
Улуттук гвардиянын жоокерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук гвардиянын 52 жоокери Калкты тейлөө борборуна паспортко документ тапшырганы келишкен. Жоокерлер Москва шаарында өтө турган Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышууга даярданууда.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жоокерлери Москвадагы Жеңиш парадына катышуу үчүн документ алып жатышат. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

© Фото / пресс-служба ГРС КРКРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жоокерлери Москвадагы Жеңиш парадына катышуу үчүн документ алып жатышат
Улуттук гвардиянын жоокерлери Москвадагы парадга катышуу үчүн документ алууда - Sputnik Кыргызстан
КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жоокерлери Москвадагы Жеңиш парадына катышуу үчүн документ алып жатышат

Ага ылайык, Улуттук гвардиянын 52 жоокери №2 Калкты тейлөө борборуна паспортко документ тапшырганы келишкен.

Жоокерлер Москва шаарында өтө турган Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышууга даярданууда.

Буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко салтанатка канча кыргызстандык ардагердин барары пландалып жатканын айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0