"Коопсуз шаардын" үзгүлтүккө учураган маалыматтык сервиси кайра иштей баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековЖККББнын мониторинг борбору. Архив
ЖККББнын мониторинг борбору. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
7-мартта маалыматтык системаны жөнгө салган сервистин жабдуулары техникалык мүчүлүштүккө учураган болчу.

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. "Коопсуз шаардын" автоматташтырылган маалыматтык системасы оңдолуп, кайрадан иштей баштады. Бул туурасында "Инфоком" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Белгилей кетсек, 7-мартта "Коопсуз шаардын" маалыматтык системасын жөнгө салган сервистин жабдуулары техникалык мүчүлүштүккө учураган болчу. Айдоочулар жол эрежесин бузганы боюнча айып пулду текшерген Carcheck жана башка порталдарга кире албай калган. Ошондон бери система иштебей жаткан. Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы программалык камсыздоо системасы жаңыланып жатканын айткан болчу.

"Бардык сервистер 13-марттан тарта калыбына келди. Айып пулдарды текшерүү функциясы штаттык режимде иштеп баштады", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми айып пул төлөөдө иштебей турган алты күн эске алынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0