Кыргызстанга келчүлөр үч категорияга бөлүндү. Өкмөт себебин түшүндүрдү

© Sputnik / Максим Блинов / Медиабанкка өтүүЖүргүнчүлөр аэропорттук терминалдын жанында. Архив
Жүргүнчүлөр аэропорттук терминалдын жанында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкөлөрдүн категориясы эпидемиологиялык абалдын курчушунан улам мамлекеттердин тизмеси ТИМ менен макулдашып, өзгөрүшү мүмкүндүгү айтылды.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Кыргызстанга чет жактан келген четөлкөлүктөр жана жарандар үч категорияга бөлүнгөн өлкөлөрдөн келгенине жараша жоопкерчилик ала турган болду. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустун пандемия деп жарыяланышынан улам өлкөлөрдү үч категорияга кошумча критерийлер менен баалап бөлдү. Алар:

  • ооруп калгандардын абсолюттук саны;
  • акыркы 10 күн ичиндеги инфекциянын тароо темпи;
  • эл аралык көз карандысыз уюмдардын баасы боюнча өлкөнүн пандемия, эпидемияга даярдык индекси.

3 категориядагы өлкөлөр

Өлкөлөрдүн категориясы эпидемиологиялык абалдын курчушунан улам мамлекеттердин тизмеси ТИМ менен макулдашып, өзгөрүшү мүмкүндүгү айтылды.

I категорияга жогорудагы үч критерийдин бири туура келген өлкө кирет.

Транзит менен Кытай, Италия, Иран, Түштүк Корея, Франция, Германия жана Испанияда акыркы 30 күн ичинде болгон четөлкөлүк жарандардын Кыргызстанга киришине тыюу салынат.

Кыргызстандыктар I категорияга кирген мамлекеттерде болуп же ал жактардан транзит менен келсе, атайын жайдагы 14 күндүк обсервацияга киргизилет. Бул ID-карта жана бардык паспорттордун ээлерине тиешелүү.

Ал эми жогоруда саналган өлкөлөрдө акыркы 30 күн ичинде болбогон чет элдик жана КР жарандары атайын текшерүүдөн өтүп, Кыргызстанга кирсе болот.

Ал эми обсервация шартын бузгандар Кыргызстандын мыйзамдары менен жоопкерчиликке тартылат.

II категория: буга АКШ, Япония, Швеция, Швейцария, Улуу Британия, Бельгия, Нидерланддар кирди.

Чет элдиктер жана КР жарандары эгерде ушул өлкөлөрдүн транзити менен келсе, 14 күндүк үй карантинине алынат.

Үй карантини боюнча эрежелерди бузгандар Кыргызстандын мыйзамдары боюнча жоопкерчиликке тартылат.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вице-премьер Асрандиев үй-бүлөсү азык-түлүк камдаар-камдабасын айтты
Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинде атайылап же байкоосуздан санитардык-эпидемиологиялык эрежени бузса, байкабастан массалык ооруга себепкер болсо, элди ууландырып алса же башка оор залал келтирсе VI категориядагы айып менен жазаланат. Же болбосо кызматты ээлөө, же кайсы бир иш менен алектенүү укугунан эки жылга ажыратылат.

Кылмыш-жаза кодексинин 68-беренесинин негизинде жашы жете электер үчүн VI категориядагы айып пул салынат. Ал 1200дөн 1400гө чейинки эсептик көрсөткүчтөгү, ал эми башка жеке тараптар үчүн 2600дөн 3000ге чейинки эсептик көрсөткүч көлөмүндөгү айып пул.

Эгерде чет элдик жаран үй карантини боюнча шартты аткара албаса, Саламаттык сактоо министрлигинин бекиткен буйругунун негизинде КРге киргизилип, бирок атайын жайдагы 14 күндүк обсервацияга жатат.

III категория: буга Сингапур, Австрия, Дания, Кытайга караган Гонконг, Малайзия, Таиланд, Индия, Бахрейн, Австралия, Греция, Канада, Ирак, Бириккен Араб Эмирлиги, Кувейт, Ирак, Египет, Ливан, Катар, Сауд Аравиясы кирет.

Чет элдиктер жана КР жарандары эгерде ушул өлкөлөрдүн транзити менен келсе, баштапкы текшерүүгө алынып, андан ары үйүнө кое берилет. Бирок Кыргызстандын аймагында ары-бери каттап жүрүүгө 14 күнгө чейин чектөө болот.

Нооруз майрамы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балдарды эл көп топтолгон жерге алып барбагыла. Штаб эскертти
КРде катталган дипломатиялык өкүлчүлүктүн жана эл аралык уюмдардын кызматкерлери, чет элдик делегациялардын мүчөлөрү ТИМге өз учурунда кабарлап турат жана милдеттүү болгон текшерүүдөн өтөт, бирок обсервацияга алынбайт (эгерде клиникалык белгилер байкалбаса).

Жарандар үчүн категориялар боюнча өзгөрүүлөр (КРдин аймагына киргендер үчүн) 2020-жылдын 14-мартынан тарта күчүнө кирет.

2019-жылдын декабрь айынын аягында Кытайдын Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Оору деңиз азыктарын саткан базардан тараган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Учурда ал дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөсүнө тарап, жуктуруп алгандардын саны 126 миңден ашты. Алардын ичинен 4638 киши каза болуп, 68 284ү сакайды. 11-март күнү кечке жуук Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнө жүзү боюнча коронавирус пандемиясын жарыялады.

Кыргызстандагы коронавируска каршы өткөрүлүп жаткан чаралар жана анын кесепети, акыркы маалыматтарды Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окусаңыз болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0