Аксыда окуучу сабалган мектептин директору иштен алынды

© Sputnik / Табылды КадырбековОкуучулар саба убагында. Архив
Окуучулар саба убагында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аксы райондук билим берүү бөлүмүнө тарбиялык иштерди күчөтүп, комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгууга милдеттендирилди.

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Аксыда 9-класстын алты окуучусу ушул эле класстын башка окуучусун сабаган. Мындан улам мектептин директору Кененбай Шабданов зордук-зомбулукту алдын албаганы үчүн иштен алынды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Белгилей кетсек, буга чейин соцтармакка топ балдар бир окуучуну сабап жаткан видео тараган болчу.

"Окуя 2020-жылдын 6-февралында Аксы районундагы №5 Асанбек Кабаев атындагы орто мектебинин аймагында болгон. 9-класстын алты окуучусу ушул эле класстын башка окуучусун сабашкан. Жабыркаган өспүрүм ооруканага кайрылган, учурда окуусун ошол мектепте улантууда", — дешти министрликтен.

Ошондой эле Аксы райондук билим берүү бөлүмүнө тарбиялык иштерди күчөтүп, комплекстүү иш-чараларды иштеп чыгуу милдеттендирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0