"Коопсуз шаардын" иши үзгүлтүккө учурады. Качан калыбына келет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Коопсуз шаар" системасынын иштегени учурунда. Архив
Коопсуз шаар системасынын иштегени учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Инфоком" мекемесинин маалыматына караганда, 7-мартта саат 5:00дө "Коопсуз шаар" системасынын ар кайсы сервистерине жооп берчү жабдуунун ишине доо кеткен.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бүгүндөн тарта Carcheck сайты аркылуу кайрадан айып пулдарды текшере баштаса болот. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

"Инфоком" мекемесинин маалыматына караганда, 7-мартта саат 5:00дө "Коопсуз шаар" системасынын ар кайсы сервистерине жооп берчү жабдуунун иши үзгүлтүккө учураган.

Аталган мекеме сиситеманы калыбына келтирди, бирок айып пулдарды жана төлөмдөрдү текшерүү сервиси убактылуу жеткиликсиз болуп жатат.

"Бирок бул жагдай эреже бузууларды каттоо жана аппараттык-программалык комплекстердин ишине таасир эткен жок. Жабдуу кадимкидей эле иштеп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Макала дайындалып жаткан учурда Carcheck сервиси айып пулдар тууралуу маалыматты көрсөтпөй жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0