БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Депутат Курманкул Зулушев парламенттин жыйынында маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Нуржигит Кадырбековдон 8-марттагы феминисттердин жүрүшү боюнча пикирин сурады.
Эл өкүлү андан маданият тармагынын жетекчилеринин бири катары пикирин билүүгө кызыгып: "Бул жерде кимисиники туура болуп жатат?" - деп суроо салды.
Кадырбеков жүрүшкө чыккандардын максаты ажиотаж, сенсация жаратуу болгонун боолголоп, алар кайсы бир деңгээлде максатына жетти деп эсептерин айткан.
"Жакшыны айтып жай, жаманды айтпай жой" деген жакшы сөз бар. Мен алардын максаты ажиотаж, сенсация кылуу болду окшойт деп ойлойм. Мамлекет чара көрөрүн, ошондон кийин уу-дуу сөз болорун билишкен. Муну менен алар кайсы бир деңгээлде максатына жетти ойлоп жатам. Ошол эле мезгилде 8-мартты биз аялдарга гүл, белек берген, көңүлүн көтөргөн күн катары билчү элек. Жарык маанай тартуулаган күн болчу да. Анан аялзатынын укугун көчөгө чыгып кыйкырып, кантип коргойбуз? Ошонун логикасын түшүнө алган жокмун. Өздөрү чыктыбы, артында кимдер турат?... "Кыргызда эркек уулду, аял улутту тарбиялайт" деген макал бар. Аларды (жүрүшкө чыккан аялдарды — ред.) көргөндө менде жагымдуу таасир калбады. Башкача жол менен аялдардын укугун биз деле коргойлу, улуттун салты, менталитети, баалуулуктары бар. Балким башкачараак жолду тандаса жакшы болмок деп эсептейм", — деди Кадырбеков.
Эске салсак, 8-март күнү аялдардын укугун коргоо жана зомбулукка каршы маршка чыккан феминисттерге белгисиз адамдар тоскоолдук кылып, акырында кыз-келиндерди милиция кармап кеткен.
Мындан улам алар конституциялык укуктарынын бузулушуна каршылыгын билдирип 10-мартта кайра тынчтык митингин өткөрүштү.