10:43 30 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
37210

Мындай жол менен өкмөт айнектерин караңгылатып алган айдоочулардын мыйзам бузган учурун азайтып, республикалык бюджетке киреше түшүрүүнү көздөөдө.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Өкмөт автоунаанын алдыңкы жана капталдагы айнектерин караңгылатып жүрүүгө уруксат берүүнү сунуштап жатат. Болгону бул үчүн айдоочулар белгилүү бир сумманы төлөшү керек.

Экономика министрлигинин мындай мыйзам долбоору коомдук талкуу үчүн өкмөттүн сайтына жайгаштырылды.

Сурамжылоо

Кыргызстанда акы төлөп автонун терезесин караңгылатууга уруксат берүү керекпи?
  • Ооба, ансыз деле караңгылатып мыйзам бузгандар көп
    28.6% (22)
  • Ооба, бюджетти толтуруу керек
    10.4% (8)
  • Жок, коррупциялык схема пайда болушу мүмкүн
    15.6% (12)
  • Жок, коопсуздук үчүнкараңгылатууга жол бербеш керек
    45.4% (35)
Добуш бергендер: 77
Мындай жол менен өкмөт айнектерин караңгылатып алган айдоочулардын мыйзам бузган учурун азайтып, республикалык бюджетке киреше түшүрүүнү көздөп жатат.

Экономика министрлигинин берген статистикасына караганда, Кыргызстанда 1 миллион 343 миң 813 автоунаа катталган. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдиргендей, былтыркы жылдын тогуз айында караңгылатылган терезелер боюнча 1903 протокол түзүлүп, 50 миллион 5 миң 300 сом айып төлөнгөн.

Эгер мыйзам колдоо таап калса, айдоочулар автолоруна каалаган караңгылатчу каражатты тагып алса болот.

Ал эми уруксат алуу процедураларын жана төлөнчү сумманы өкмөт аныктайт.

Тема боюнча

Кайгуул милиция Бишкекте ичип алып рулга отурган 58 айдоочуну кармады
Белгилер:
айдоочу, мыйзам, автоунаа, Кыргызстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ