Эл каттоо. Мамкаттоо Улуттук банк менен электрондук форматта иштей баштады

© Фото / Pixabay/ Free-PhotosНоутбукта иштеп жаткан адамдар. Архив
Ноутбукта иштеп жаткан адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамкаттоо эл жана турак жай фондун каттоо иш-чарасынын алкагында борбордук банк менен маалыматтарды электрондук форматта алмашуу иштерин баштады.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы Улуттук банкка калкты электрондук форматта каттоого көмөктөшүү үчүн 3000 ноутбук берди. Бул туурасында аталган мекемеден билдиришти.

Ага ылайык, МКК борбордук банк менен маалыматтарды электрондук форматта алмашуу иштерин баштады. Бул үстүбүздөгү жылдын 23-мартынан 1-апрелине чейин пландалган эл жана турак жай фондун каттоо иш-чарасынын алкагында болуп жатат.

Биометрикалык паспорт даярдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамкаттоо биометрикалык паспортторду даярдоо үчүн тендер жарыялады
Келишим "Түндүк" бирдиктүү маалымат системасынын жардамы менен ишке ашмакчы.

Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Ал Кыргызстанда быйыл биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өтөт.

Иш-чаранын мындан башка дагы жаңычылдыктары тууралуу Sputnik агенттиги даярдаган материалдан окуңуздар.

Жаңылыктар түрмөгү
0