Арабаев атындагы университет өлкө казынасына канча акча төгөт. Киреше булагы

© Фото / Азат АкаевИшеналы Арабаевдин памятниги Ишеналы Арабаевд атынлагы Кыргыз Мамлекеттик Университете. Архив
Ишеналы Арабаевдин памятниги Ишеналы Арабаевд атынлагы Кыргыз Мамлекеттик Университете. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жалпы 68 жогорку окуу жайы бар. Алардын 33ү мамлекеттик болуп эсептелсе, 35и — жеке менчик.

Мамлекеттин карамагындагы университеттерден өлкөнүн бюджетине жыл сайын канча каражат бөлүнүп турарын жана мамлекет тарабынан жогорку окуу жайларга канча акча караларын билүү максатында бир катар окуу жайларга баш багууну эп көрдүк.

Бул ирет Ишеналы Арабаев атындагы кыргыз мамлекеттик университетине (КМУ) токтолдук.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин суроолоруна КМУнун финансы жана чарба иштери боюнча проректору Амангелди Сыйырбеков жооп берди. Анын айтымында, окуу жайда жалпысынан 10 410 студент билим алса, анын 9 309у акы төлөп окуйт. Университетте лицей, колледж, бакалавр, магистратура, аспирантура жана докторантура деңгээлдери бар. Андан тышкары, университеттин алдында бир лицей, бир дене тарбия бөлүмү, беш колледж жана беш институт бар.

— Студенттердин 90 пайызы акы төлөп окуйт экен. Университет мындан канча киреше көрөт?

— Жергиликтүү студенттердин эң жогорку келишимдик баасы 35 000 сомду түзсө, ал эми эң арзаны 29 000 сом.  Булардан тышкары, университетте 500гө жакын чет өлкөлүк студенттер бар. Аларга окуунун баасы 41 миңден 43 миң сомго чейин деп белгиленген. Окуу жайга жылына студенттердин окуу төлөмүнөн 292 миллион сом түшөт.

— Каражат кандайча бөлүштүрүлөт?

— Мугалимдердин эмгек акысы, салык, окуу процесстерине керектелүүчү каражаттар, курулуш иштерине, имараттарды оңдоп-түзөө иштерине, коммуналдык төлөмдөргө, байланыш кызматтарына (БГТС, интернет, AVN, 1с) Социалдык фондго, жумуштук иш сапарларга,  транспорттук чыгымдарга ж.б. кызмат көрсөтүүлөргө коротулат.

— Окуу жай өлкө казынасына канча каражат төгөт?

— Ар жылы ар кандай. Салык жана башка төлөмдөрдүн жалпы саны 80 миллион сомго жетет. Университет жылына киреше салыкка 74 миллион 515 миң 328 сом которот. Ал эми коммуналдык чыгымдарга 7 миллион 830 миң 258 сом төгөт.

— Мамлекеттен бөлүнгөн акчачы?

— Акыркы жылды алсак мамлекет тарабынан биздин окуу жайга 30 миллион 824 миң сом берилген. Бул бюджетте окуган 1101 студентке бөлүнөт.

— Мугалимдердин айлыгына атайын эсептен акча кошулабы?

— Мугалимдер бюджеттик жана келишимдик негизде иштешет. Бюджетте иштеген мугалимдер бир ставкага 5 500 сом алат. Ал эми келишимдик негизде бир ставкада иштеген мугалимге контракттын эсебинен акча кошулуп айына 15 800 сом төлөнөт.

Контракт менен иштеген илимдин докторуна 6000 сом, кандидаттарына 3000 сом кошулуп берилсе, ал эми бюджеттик негизде иштеген илимдин докторуна 1800 сом, илимдин кандидатына 900 сом кошумча төлөнөт.

© Фото / Мирлан АлымбаевАмангелди Сыйырбеков, КМУнун финансы жана чарба иштери боюнча проректору
Арабаев атындагы университет өлкө казынасына канча акча төгөт. Киреше булагы - Sputnik Кыргызстан
Амангелди Сыйырбеков, КМУнун финансы жана чарба иштери боюнча проректору

— Университеттин жалпы киреше булагы жөнүндө айтып берсеңиз?

— Жалпы киреше булагынын 90,4 пайызы атайын эсептин каражаты, 9,6 пайызы мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн акча. Аспирант, докторанттардын контракттарынан, окуусун калыбына келтиргендерден, педагогикалык чеберчилигин жогорулатканы келгендер менен диссертациялык кеңештен, жатаканадан, гранттардан окуу жайга киреше түшөт. Быйыл жогорку аттестациялык комиссиянын чечими менен диссертациялык кеңештеги изденүүчүлөрдүн уюштуруу иштерине кеткен каражатты төлөө университетке жүктөлдү. Буга чейин изденүүчү өзү каржылачу.

— Келишим баасы жыл сайын жогорулап турабы?

— Ооба. Жогорулоо инфляциянын деңгээлине жараша болот. Өткөн жылы орто эсеп менен 5,4 пайызга өскөн.  Контракт жылына канча суммага көтөрүлүп турарын так цифра менен берүү мүмкүн эмес. Университетте 33 бакалаврдык багыт, 21 магистрлик программа бар. Алардын ар бири ар кандай өлчөмдө көбөйөт. Орточо эсеп менен инфляциянын расмий деңгээлине жараша жана рыноктук конъюнктура боюнча былтыркы жылы университетте окуу баасы 5,4 пайызга өскөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0