Министрлик атасы бычактаган тестиердин абалы тууралуу маалымат берди

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүЛечение и профилактика гриппа и ОРВИ у детей
Лечение и профилактика гриппа и ОРВИ у детей - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын көкүрөгүнө сайылган бычак далысынан тешип чыккан. Учурда ал жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгып, өз алдынча дем алып калды.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бычакталган 10 жаштагы баланын абалы оор бойдон калууда, бирок оң натыйжа байкалып жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Жеткинчек дагы деле реанимация бөлүмүндө дарыланууда.

Абактагы шектүү адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзгөндө чоң энесин бычактады делген небере 2 айга камакка алынды
Эске салсак, 6-март күнү түшкө жуук милициянын нөөмөт бөлүмүнө 5-кичи райондо жашаган үй-бүлөдө жаңжал чыкканы тууралуу кабар түшкөн. Милиция кызматкерлери көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирге кирип барып бычакталган аялды, ваннадан кишинин сөөгүн табышкан. Анын денесинде суициддин белгиси болгон. Жубайлардын 10 жаштагы уулу Тез жардам менен клиникалык балдар ооруканасына жеткирилген. Баланын көкүрөгүнө сайылган бычак далысынан тешип чыкканы аныкталган. Учурда ал жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгып, өз алдынча дем алып калды.

Жаңылыктар түрмөгү
0