Коронавирус боюнча карантинге алынгандар Воронцовкадагы санаторийге жөнөтүлөбү?

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүГостиница номери. Архив
Гостиница номери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун жетекчиси Марат Сагымбаев санаторийдин иши тууралуу маалымат берди.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Воронцовкадагы санаторий коронавирус жайылган мамлекеттерден келгендер үчүн көзөмөл жайы болбойт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Кечээ коронавирус жайылып жаткан өлкөлөрдөн келгендер Таш-Дөбө айылындагы (мурдагы Воронцовка) санаторийге жайгаштырылышы мүмкүн деген божомол айтылган.

Курортология жана калыбына келтирүү илим-изилдөө институтунун жетекчиси Марат Сагымбаев санаторийде иш мурдагыдай эле жүрүп жатканын айтты.

"Бардык талаптар аткарылып, график боюнча эле иштеп жатабыз. Институтта кырдаал туруктуу, иш өз нугунда", — деди жетекчи.

Ал жергиликтүү тургундар көзөмөл жайынын ачылышына каршы митинг уюштурат деген маалыматты төгүндөдү.

Супермаркетте товар тизип жаткан кызматкер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаман айтпай, жакшы жок. Коронавирус жайылып кетсе Кыргызстан канчага чыдайт
"8-мартта жергиликтүү тургундар менен жолуктум. 200гө чукул адам менен жыйындар залында чогулуп, сүйлөштүк. Түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Азыр абал тынч. "Эл жолду тосот" деген маалымат чындыкка дал келбейт", — деди Сагымбаев.

Эске салсак, буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстанга коронавирус жуктуруп алган мамлекеттерден келгендерди карантинге жаткыруу үчүн 1404 койка даярдалгандыгын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0