Шаардык сот Бишкекте митинг өткөрүүгө тыюу салуу чечимин жокко чыгарды

© AP Photo / Mark J. TerrillСот учурундагы балка менен судья. Архив
Сот учурундагы балка менен судья. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь, Биринчи май жана Ленин райондук сотторунун район жетекчилигинин арызы боюнча чыгарып берген чечими күчүн жоготту. Ал эми Свердлов райондук администрациясы өз өтүнүчүн артка кайтарып алган эле.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык соту калаада 1-июлга чейин митингдерге тыюу салуу боюнча биринчи инстанциянын (райондук соттор) чечимин жокко чыгарды. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Кишенделген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: митинг учурунда ЖК аппаратынын кызматкерине кол салган аял кармалды
Октябрь, Биринчи май жана Ленин райондук сотторунун район жетекчилигинин арызы боюнча чыгарып берген чечими күчүн жоготту. Ал эми Свердлов райондук администрациясы өз өтүнүчүн артка кайтарып алган эле.

Буга чейин Бишкек прокуратурасы мэриянын токтомун негизсиз деп, аны жокко чыгаруу боюнча шаардык сотко сунуш берген.

Ал эми мэрия 6-мартта маселени укуктук талаада кароо үчүн шаардык соттон райондук соттордун чечимдерин жокко чыгарууну суранганы жатканын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0