Япониядагы лайнер: Бишкекке келген кыргызстандык жигиттин анализи чыкты

© Sputnik / Кирилл Брага / Медиабанкка өтүүКандын анализин алуу. Архив
Кандын анализин алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
3 700 туристи бар кеме коронавирустан улам 5-февралда Япониянын Иокогама портуна токтоп, карантинге алынган болчу.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Японияда карантинге алынган Diamond Princess лайнеринде жүрүп Кыргызстанга келген кыргызстандык жигиттин тапшырган анализи таза чыгып, вирус аныкталган жок. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, ал 14 күндүк карантинге алынды. 13 күн өткөндөн кийин кайрадан анализ тапшырат.

КР дарыгерлери коронавирусту кантип аныктайт? Лабораториядагы видео - Sputnik Кыргызстан
КР дарыгерлери коронавирусту кантип аныктайт? Лабораториядагы видео
Кыргызстандык жигит борбор калаага Япониядан бүгүн, 9-мартта, келген.

Белгилей кетсек, 3 700 туристи бар кеме коронавирустан улам 5-февралда Япониянын Иокогама портуна токтоп, карантинге алынган болчу.

Лайнердеги кыргызстандык жигит төрт ирет анализ тапшырган. Үчүнчүсүндө коронавирус жуктурганы аныкталган. Бирок төртүнчү жолу тапшырган анализи таза чыгып, Токиодогу ооруканадан чыгарылган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга чейин жигиттин өзү менен байланышка чыгып маектешкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0