00:22 31 Бугу 2020
Түз эфир
  • USD73.7678
  • EUR82.0114
  • RUB1.0426
Коом
Кыскача шилтеме алуу
90 0 0

10-мартта Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда бир аз кар жаап, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде туман түшөт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Шейшемби күнү, 10-мартта, республикада күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +5...+10, Талас жергесинде 0...+5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +7...+12, Ысык-Көл аймагында +1...+6 жана Нарында +2...+7 градус жылуу болору айтылды.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +7...+9, Ошто +9...+11 градуска чейин жетет.

Тема боюнча

Бул аптада Бишкекте кар жаайбы? 13-мартка чейинки аба ырайы
Белгилер:
Кыргызстан, март, аба ырайы

ЭҢ МААНИЛҮҮ