Кайгуул милиция Бишкекте ичип алып рулга отурган 58 айдоочуну кармады

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милиция кызматкери. Архив
Кайгуул милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция борбор калаада айдын алгачкы жумасында катталган жол эрежесинин бузулушу боюнча маалымат берди.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Март айынын алты күнүндө Бишкекте 2078 жол эрежесин бузуу факты катталды. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2-8-март күндөрү төмөндөгүдөй эреже бузуулар катталган:

  • Айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа башкаргандар — 44;
  • Алкоголдук ичимдик ичип рулга отургандар — 58;
  • Алдыңкы жана алдыңкы капталындагы терезелерди караңгылаткандар — 18;
  • Башка эреже бузуулар — 1 592.

Мындан сырткары, айып короого 366 автоунаа киргизилген, анын 177син эвакуатор алып кеткени белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0