Феминисттер маршында чагымчылдык кылгандар табылды

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVБишкек шаарындагы феминисттер маршынын катышуучулары менен уруш чыгарган чагымчылдар
Бишкек шаарындагы феминисттер маршынын катышуучулары менен уруш чыгарган чагымчылдар - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Марштын катышуучулары "Жеңиш" аянтынан чыгып алып, Улуттук опера жана балет театрына чейин келүүнү пландап, бирок аларга 30га чукул адам тоскоол болгон.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Тартип сактоо органынын кызматкерлери кечээ Бишкек шаарындагы Свердлов райондук милициясына борбордо өткөрүүгө уруксат берилбеген митингдин катышуучулары менен уруш чыгарган беш чагымчыны алып келди. Бул туурасында аталган шаардык милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.

Бишкектеги феминисттерди милициянын автобустарга салган видеосу - Sputnik Кыргызстан
Бишкектеги феминисттерди милициянын автобустарга салган видеосу
Аларга карата Эреже бузуулар кодексинин негизинде протокол түзүлдү. Чатактын башка катышуучуларынын кайда экендигин тактоо боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.

Эске салсак, 8-мартта феминисттик кыймылдын өкүлдөрү Бишкек шаарындагы "Жеңиш" аянтына аялдардын укугун коргоо максатында жүрүш өткөрүү үчүн чогулган. Аларга 30га чукул адам тоскоол болуп, акцияны таратканга аракеттенген. Мындан кийин эки тарап тирешип, милиция акциянын катышуучуларын кармап кеткен.

Тартип сакчылары буга чейин митинг "Феминалле" жана "8/365" деп аталган коомдук кыймылдар тарабынан уюштурулгандыгын айткан эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0