Бул аптада Бишкекте кар жаайбы? 13-мартка чейинки аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарындагы турак үйлөр. Архив
Бишкек шаарындагы турак үйлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада бул жумада күн жылуу жана жаан-чачынсыз болору божомолдонду. Ал тургай аптанын аягында күндүн табы 12 градуска чейин көтөрүлөрү айтылууда.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет 13-мартка чейин Бишкек шаарында аба ырайы кандай болорун айтты.

Жакынкы күндөрү аба ырайы туруктуу болуп, күндүн табы күндөн-күнгө жогорулайт. Жума күнү +12 градуска чейин жылуу болору күтүлүүдө.

Буга чейин Кыргызстандын аймагында аба ырайы март ичинде кандай болору кабарланган. Суукту сүйбөгөндөргө бул макала жагымдуу маанай тартуулайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0