Таштандысы үйүлүп кеткендерди тартипке чакырчу кызматтын телефондору. Тизме

© Sputnik / СтрингерТаштанды. Архив
Таштанды. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия мекемелердин, турак жайдын ээлери өздөрү турган имараттан 10 метр аралыкка чейинки тегерек-четин таза кармоого милдеттүү экендиги айткан.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы мекемелердин, эл жашаган үйлөрдүн жанына таштанды челектен башка жерлерге акыр-чикир ыргытпоону өтүнүп, ага көзөмөл кыла турган Санитардык-экологиялык инспекциянын (СЭИ) телефон номерлерин жарыялады.

Бишкек шаарынын мэриясынын Санитардык – экологиялык инспекциясынын адиси Бердибек Кыштообаев - Sputnik Кыргызстан
Радио
Кыштообаев: жыл башынан бери таштанды ыргыткандардан 1 млн. 406 миң сом түштү
Маалыматта аталган тараптар өзү турган жайдан 10 метр аралыкка чейинки тегерек-четин таза кармоого милдеттүү экендиги айтылган.

СЭИ өкүлдөрү шаардын булуң-бурчтарында жөө жүрүп, калаанын тазалыгын сактабаган тараптарды көзөмөлгө аларын айтышты.

Мэриянын санитардык-экологиялык инспекциясы менен 0(312) 65 81 59, 0 558 588 840 телефон номерлери аркылуу байланышса болот.

  • Биринчи май району: 0555 404 818;
  • Свердлов району: 0551 551 745;
  • Октябрь району: 0 500 210 470;
  • Ленин району: 0500 085 580.
Жаңылыктар түрмөгү
0