Муфтият коронавирус коркунучунан улам түлөө өткөрдү

© Фото / пресс-служба ДУМККыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы коронавирус коркунучунан улам кудайдан амандык, биримдик жана тынчтык тилеп түлөө өткөрдү
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы коронавирус коркунучунан улам кудайдан амандык, биримдик жана тынчтык тилеп түлөө өткөрдү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтий Максатбек ажы Токтомушев мамлекетте, дүйнөдө тынчтык, бакубатчылык, биримдүүлүк болсун деп дуба кылган.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы коронавирус коркунучунан улам кудайдан амандык, биримдик жана тынчтык тилеп түлөө өткөрдү. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага муфтий Максатбек ажы Токтомушев, Аалымдар кеңешинин мүчөсү Молдо Сабыр Досбол уулу, Бишкек шаарынын казысы Садриддин ажы Мажитов жана аксакалдар менен жергиликтүү жамаат катышкан.

Муфтий мамлекетте, дүйнөдө тынчтык, бакубатчылык, биримдүүлүк болсун деп дуба кылган.

"Мамлекетибизде тынчтык, биримдик, туруктуулук жана бакубатчылык болсун. Ар бир үйдѳн ынтымак, ырыскы кетпесин, дасторконубузда молчулук, токчулук, ырыскы болсун. Жамандык башыбызга келбесин. Жараткан Алла Таалам бүткүл дүйнөнү бейпил кылып, элибизди ар кандай балээден, бөөдө кырсыктан сактап, дубабызды кабыл кылсын", — деди Токтомушев.

Троллейбус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Вирус жана сасык тумоодон улам Бишкектеги эл ташыган автоунаалар текшерилүүдө
Эскерте кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Андан бери бул вирус планетанын жашоочуларын кооптондуруп келе жатат.

Жалпысынан айтсак, 8-март күнү дүйнө боюнча эртең менен вируска кабылгандардын саны 106 034кө жетти. Алардын арасынан 3594ү көз жумуп, 59924 киши сакайып кетти.

Жаңылыктар түрмөгү
0