04:03 03 Чын Куран 2020
Түз эфир
  • USD84.8988
  • EUR92.7010
  • RUB1.0895
Коом
Кыскача шилтеме алуу
237 0 0

Президент куттуктоосунда Кыргызстанда аялдардын жашоо-турмушун жакшыртууга бардык аракеттер көрүлүп жатканын билдирди.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Энелерди жана балдарды коргоо мамлекеттик органдардын ар дайым артыкчылыктуу милдети болуп кала берет. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбековдун Аялдардын эл аралык күнү менен куттуктоосунда айтылды.

"Аялзаты ар дайым аруулугу, назиктиги, боорукердиги жана акылмандыгы менен биздин жашообузду көрккө бөлөп келет. Элибизде энеге карата урмат-сый көрсөтүү салты эзелтен сакталып жүрөт. Балдарды тарбиялоо боюнча негизги түйшүк  да асыл зат аялдарга таандык", — деп айтылат куттуктоодо.

Мындан тышкары, мамлекет башчы аялзатынын коомдук, экономикалык жана саясий турмушуна кошуп жаткан салымына токтолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Чыңгыз Айтматовдун үйүнө барып, жазуучунун жубайы Мария Айтматованы 8-март майрамы менен куттуктады.
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Азыркы кезде аялзаты коомубуздун экономикалык, саясий турмушуна, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарынын ишине жигердүү катышып жатышат. Алар турмушубуздун бардык чөйрөлөрүндө үзүрлүү иштеп, өлкөбүздүн өнүгүшүнө чоң салым кошууда",  — деди президент.

Куттуктоосунун аягында президент аялдардын жашоо-турмушун жакшыртууга, үй-бүлөсүнүн келечеги ишенимдүү болушуна ыңгайлуу шарттарды түзүүгө бардык аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

 

 

Тема боюнча

Статком: Кыргызстанда эркектерге караганда билимдүү аялдар көп
Белгилер:
куттуктоо, майрам, аялдар, Сооронбай Жээнбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ