Күн качан жылыйт? Бир жумага карата аба ырайы

Жазылуу
Синоптиктердин айтымында, жуманын башында жаан-чачын токтоп, ортосунан тарта абанын температурасы жогорулай баштайт.

БИШКЕК, 8-мар. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата алынган аба ырайынын божомолу тууралуу маалымат таратты.

Билдирүүгө ылайык, дүйшөмбүдө жана шейшембиде түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Төө ашуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бороондо тоңуп калган кыздар. Кыргыз ашууларынын аталыш тарыхы
Ал эми Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөрү айтылат.

10-мартта күндүз жана 11-мартта түнкүсүн жаан жаабайт. Бирок 11-мартта күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Дыйканчылык аймактарда жана Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот.

Бейшемби, 12-мартта, кээ бир аймактарда жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Жолдордо муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Ал эми борбор калаа Бишкекте апта ичинде жаан жаабайт, күн ачык болорун айтышат синоптиктер.

Жаңылыктар түрмөгү
0