Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Алексей Даничев / Медиабанкка өтүүКыз зонтик карпам турат. Архив
Кыз зонтик карпам турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
8-мартта түнкүсүн Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым аймактарында туман түшөт.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Жекшемби күнү, 8-мартта, күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт, ал эми Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй, Талас аймагында +1...+6, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +3...+8, Ысык-Көлдө -1...+4 жана Нарын жергесинде -4...+1 градус болору айтылды.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +4...+6, Ошто +5...+7 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0