Үйлөнөрдө эле жигиттер тескери басып кетет. Турмуштан жолу болбой жүргөн кыздын каты

© Sputnik / Саид Царнаев / Медиабанкка өтүүКыз гүлдөр менен шаардын көчөсүндө басып жүргөн убакытта. Архив
Кыз гүлдөр менен шаардын көчөсүндө басып жүргөн убакытта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында турмуштан жолу болбой, күйөөгө тие албай жүргөн кыздын каты жарыяланат.

Психологдордун "ар кимден кеңеш сураба" деген пикирин окуп калгам. Мындан улам адистерге эле кайрылууну туура көрдүм.

Бир эмес, эки кесиптин ээсимин. Анын арты менен нан таап жеп, дүйнө таанымымды, өзүмдү өстүрдүм. Бир учурда үч-төрт жерде иштеп, тытынып жүрүп, өз күчүм менен үй, автоунаа алдым. Азыр чакан бизнес ачып жатам. Бирок "бири кем дүйнө" экен, турмуштан өз ордумду таба элекмин. 38ге чыктым, балам да жок...

Дороги в Хартуме - Sputnik Кыргызстан
Кызым турмушка чыкпай калабы деп корком... Эненин каты
Бой тарткандан баштап эле артыман жигиттер калбай чуркады. Алардын көптүгүнөн башым айланчу. Бирок жактырган жигиттин сунушун кабыл аларым менен эле баары тетири басып, жоголуп кетчү. Айрымдары кайрылып келчү, бирок үйлөнүп алгандан кийин. Бирөө эле эмес, бир нечеси ушундай абалга калтырды. Жакындарым "сага көз тийди, жолуңду дубалатып бууп коюшкан" дей беришчү. Бирок ага көп маани берчү эмесмин.

Жашым отузга келип калганда жумуш аркылуу бир жигит менен таанышып калдык. Жылдызыбыз келишип кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрдүк. Оор басырыктуу, адептүү жигит эле. Жакшы көрөрүн, сүйөрүн айтчу. Мамилебиз ысык болуп кетти. Бир күнү андан боюма бүтүп калганын билдим. Сүйүктүүмө абалымды айтсам так секирди. "Атайын кылдың" деп мени күнөөлөп, азыр үйлөнбөй турганын айтып басып кетти. Ата-энемдин алдында өзүмдү абдан күнөөлүү сездим, күйөөсү жок төрөп, аларды жер караткым келген жок. Боюман алдырдым. "Сени жан дилим менен сүйөм" деген жигит ошол окуядан эки ай өтпөй кесиптешине үйлөнүп алганын уктум. Ал кездеги абалымды сурабаңыз. Боюман алдырганым үчүн өзүмдү күнөөлөп, өзүмдү жеп салдым. Депрессияга түшүп, бир топ убакыт ооруканага да жатып калдым. Эптеп өзүмө келип жумушка чыксам жетекчим ачык эле куугунтуктай баштады. Ага менин ордум керек эле. Аргасыздан жумуштан арыз жазып чыктым. Кыйналдым, бирок убакыт баарын дарылады. Кайра жакшы жумушка орношуп алаксыдым. Ишим илгерилей баштады, бирок жеке жашоомдо баягы эле көрүнүш. 35 жашымда дагы бир жигитке кезиктим, бирок ал менден сегиз жаш кичүү эле. Буга чейин турмуш куруп, бир балалуу болгондо ажырашып кетиптир. Сезимдерин билдирди. Сүйүүдөн көңүл калган жаным ага көп ишенип, берилген жокмун. Бирок аны жактырам.

Өткөндө ал жигит да "кааласаң менден төрөп ал, бирок жакында башкага үйлөнөм" деди. Үстүмөн бирөө муздак суу куйгандай болду. Намыстандым, ызаландым. Төрөп алып, баламдын атасыз өсүшүн каалабайм, төрөбөй коё турайын десем жашым өтүп баратат. Эмне кылышты билбей калдым. Азыр жашоого тың, билимдүү, келишимдүү жигиттерди эбак эле ээлеп кетишкен. Алар үй-бүлөлүү. Экинчи аял катары колумду сурагандар болду. Бирок мага андай жашоо кызык эмес, корком. Эртеңки күнүм эмне болот? Мен кыялданган жигитке жолуккуча жашым өтүп кетмей болду. Же жашоомду тобокелге салып, чогуу жашабасак да бала үчүн нике кыйдырып, өзүмдөн сегиз жаш кичүү жигиттен төрөп, балалуу болуп алсамбы? Эмне кылсам?..

Гүлнара Жасоолова, психолог:

--Психолог маселе эмнеден келип чыкканын териштирип, багыт бере алат, бирок чечимди ар бир адам өзү кабыл алат. Азыр окуу, иш, карьера деп жүрүп үй-бүлөнү көп ойлобой, убакыттын кантип өткөнүн билбей калган кыздар көп. Бул бир эле бул кыздын эмес, ошол кыздардын баарынын көйгөйү.

Терезенин жанында отурган кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Келиниме "башкадан төрөп ал" деп айтсамбы?.. Кайнененин каты
Конкреттүү түрдө бул кыздын кырдаалын алып карай турган болсок, кат жазган адам өзүнө ишене албай жаткандай. Эмнени каалап жатканын өзү билбейт. Өткөн иштерине көп өкүнөт экен. Башка бирөөгө ишене албаган адам өзүнө да ишене албайт. Башкаларга ачылбайт. Мындай учурда чечкиндүү болуп, ар бир нерсеге жоопкерчиликтүү мамиле кылганы жакшы. "Өткөндөгүдөй болуп калсачы" деп күмөн санап, корко берсе ойлогондой болот. Бир адам менен экинчи адам окшошпойт, аларды салыштырган туура эмес.

Анан жашоодогу максатты туура койгон оң. Мисалы, кат жазган кыз жөн эле бирөөдөн балалуу болгусу келип жатабы же толук кандуу үй-бүлө кургусу келип жатабы? Жөн эле төрөп алса, бала толук кандуу үй-бүлөдө өспөй калат, атасыз чоңоёт. Аны да эске алсын.

Колунан келсе толук кандуу үй-бүлө курганга аракет кылышы керек. Өзүнө жашташ балдардын баарын "туура эмес" дебей карап көрсүн. Балким, алар да турмуштан ордун таба албай жүргөндүр. Ажырашкан аял-эркектин баары начар деген туура эмес. Алар да тагдырдын ар кандай сыноосунан улам ажырашкандар.

Үй-бүлө курууга эч убакта кеч эмес. Андыктан алгач эмнени каалап жатканын билсин. Ошого жараша чечимди өзү кабыл алат. Адамдарды өйдөдөн карап чечим чыгарбаш керек. Балким, артынан ээрчип, колун сурап жүргөндөрдүн ичинде өзүнө ылайыктуусу бардыр.

Жаңылыктар түрмөгү
0