Өз алдынча дем алууда. Атасы бычактады делген тестиердин абалы айтылды

© Sputnik / Андрей Станавов / Медиабанкка өтүүОрууканадагы капельница. Архив
Орууканадагы капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
10 жаштагы бала клиникалык балдар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө. Ал үй-бүлөлүк чырдан улам атасынан бычак жегени айтылууда.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Бишкекте атасынан бычак жеди деп ооруканага түшкөн тестиер өз алдынча дем алып калганын Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, баланын ден соолугунда жылыштар бар, бирок абалы оор бойдон калууда.

"Бала жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгып өз алдынча дем алууда. Көзүн ачып, кичинеден сүйлөп жатат. Бирок абалы оор, жандандыруу бөлүмүндө. Тийиштүү дарылануудан өтүүдө", — дешти министрликтен.

Балалуу аялды түшүрүп салган айдоочу чырдын чоо-жайын айтып берди. Видео - Sputnik Кыргызстан
Балалуу аялды түшүрүп салган айдоочу чырдын чоо-жайын айтып берди. Видео
Кечээ мекеме баланын көкүрөгүнө сайылган бычак далысынан тешип чыкканын айтып, абалы өтө оор экендигин билдирген.

Эске салсак, кечээ, 6-март күнү, түшкө жуук милициянын нөөмөт бөлүмүнө 5-кичи райондо жашаган үй-бүлөдө жаңжал чыкканы тууралуу кабар түшкөн. Милиция кызматкерлери көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирге кирип барып бычакталган аялды, ваннадан кишинин сөөгүн табышкан. Анын денесинде суициддин белгиси болгон. Жубайлардын 10 жаштагы уулу Тез жардам менен клиникалык балдар ооруканасына жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0