Кызым үчүн рахмат, Лариса! Аборттон баш тарттырган курбунун ак жарыгы

© Фото / Pixabay/ PexelsБеременная женщина
Беременная женщина - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адамдын көңүлү — гүл. Жылт эткен жарык, жакшы көз караш, жагымдуу сөз маанай көтөрүп, ал тургай бир нече күн жүрөктү жылуулук аралап жүрөт.

Бул окуя 11 жыл мурда болгон. Жакын досумдун айтып берген баяны мага аябагандай чоң таасир калтырган. Sputnik агенттигинин "Ак жарык" рубрикасынын алкагында мен дагы бир адамдын тагдырына бурулуш жасаган окуяны окурмандар менен бөлүшкүм келди.

...Ал окуя күнү бүгүнкүдөй эсимде, көз алдымда. Азыр ойлосом кыйын кезеңди башыман кечирип жаткан учурум экен, мындай кылсаң туура болот деп багыт көрсөткөн киши болбоптур. Ал кезде балам бир жашка чыгып-чыга элек учуру, операция менен төрөдүм. Жолдошум да кызыктуудай болуп жүргөн, мени менен же жашаган киши эмес, же жашабаган киши эмес, чечкиндүү бир нерсеси жок, айтор, олку-солку эле. Эмчегимдин кесилгени өзүнчө бир эпопея, ичим тилик, баламдын ыйлаагы эми бир укмуш... Сиңдилерим, төркүнүм аябай жардам беришти, бирок ошол убакыт мен үчүн аябагандай оор болду.

Улуттук окнология борборундагы өспүрүм. Архив - Sputnik Кыргызстан
Онкологиядагы балдардын азабын жеңилдетип... Студенттердин ак жарыгы
Ошентип 10-11 айдан кийин эптеп-септеп өзүмө келип, баш көтөрүп калдым. Анан эле кош бойлуу экеним билинди. УЗИге түшсөм баланын жүрөгүнүн соккону билинип калыптыр. Кандай кылам? Атабыздын кейпи тиги. Боюмда бар экенин айтсам, тайсалдайт. Доктурлар "төрөсөң деле болот, алдырып салсаң деле болот" дешти. Жолдошум: "өзүң кесарево менен төрөсөң, белиң да ооруйт, мен сага эле карап атам..." деди. Эгер ошол жерден: "жакшы болгон турбайбы" деп эле койсо мен эки анжы болбойт болчумун. Баарын көтөрмөкмүн. Айтор, чечимди өзүм кабыл алышым керек эле, баланы алдырмай болдум.

Жеке клиникада каттоодо болчумун. Дарыгериме барсам, "анализдериңди алып, саат 3тө кел" деди. Абортко. Дагы 1-1,5 саат убакыт бар болчу. Үйгө барсам кеч болуп калчудай. Ошол жерде бир дүкөндө Лариса аттуу курбум иштечү, мамилебиз аябай жакшы эле. Ага бардым. Жакшы тосуп алды. Болгонун дасторконго жайып мага чай берди. Сөз ортосунда болгон окуямдын баарын айтып берип, "...азыр бир сааттан кийин абортко барам, ага чейин отура турайынчы" дедим. "Макул" деп экөөбүз ар нерсенин башын сүйлөшүп коюп отурдук. Бир саат тез эле өтүп кетти, туруп кийине баштадым. Коштошуп, эшикти көздөй жөнөдүм. Лариса менден мурда жетип, эшикти илип, ачкычты чөнтөгүнө салып алды да: "Никуда ты не пойдешь", - деди...

Мен эч нерсе деген жокмун, урушпадым, "коё бер" дебедим. Унчукпай отуруп бердим. Ансыз да эки анжы болуп, эмне кыларымды билбей, туура жолду тандай албай, керек болсо туурасы кайсы экенин билбей бычактын мизинде турганда Ларисанын бир эле сөзү баарына чекит коюп, мени туңгуюктан чыгарып койду.

Экөөбүз дагы бир сааттай отурдук, ал мени алаксытып бир нерселерди айтып берди, жумуш тууралуу сүйлөштүк. Кетип баратсам: "баары жакшы болот, кам санаба, мен жардам берем, жардам берчү кишилер табылат", - деди.

Тигүү машинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эне менен балдарды бириктирген тигүү машинасы. Айзатка тийген ак жарык
Ошентип андан кийинки жашоо башталды. Жолдошум менен ажырашып кеттим. Өзүмдү эч убакта ошондогудай ишенимдүү, бекем сезген эмесмин. Төрөгөнгө чейинки мезгил аябай тынч, жагымдуу өттү. Өзүмдү эч нерседен чектебей, каалаганымдай бастым, каалаган тамагымды жедим. Ай-күнүмө жетип кыздуу болдум, бактымда чек жок эле...

Наристем 2ге чыгып калганда көтөрүп алып Ларисага бардым. "Лариса, кызым үчүн чоң рахмат сага" дедим. Ошол боюнча байланышыбыз үзүлүп калды эле, былтыр курбумду кайра таап алдым. Азыр кызым 11ге чыкты. Эми буюрса, балдарымды ээрчитип алып, Ларисаны бир жерге чакырып, дасторкон четинде отурабыз деп пландап жатам.

Кызым үчүн ыраазымын, Лариса!

Жарыгыбызды чача жүрөлүчү!

Жаңылыктар түрмөгү
0