Футбол союзу байгеси 1000 долларлык сынак жарыялады

© Sputnik / Бегимай БакашеваКүйөрмандар футбол беттеш учурунда. Архив
Күйөрмандар футбол беттеш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеңүүчү акчалай сыйлыкка ээ болот. Ал эми эмгеги алдыңкы беш сапка илингендерге кызыктыруучу сыйлактар каралган.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Кыргыз футбол союзу (КФС) уюмдун логотибин даярдоо үчүн сынак жарыялаганын кабарлады.

Кыргызстан — Мьянма футбол оюну. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
FIFA Мьянма командасын Кыргызстанга атайылап утулуп берген деп шектенүүдө
Жеңүүчү 1000 долларлык сыйлыкка ээ болот. Логотип КФСтин расмий эмблемасы болуп, документацияда, уюмдун сайтында, социалдык тармактарда, сувенирдик продукцияда колдонулмакчы. Сынак ушул жылдын 15-апрелинде жыйынтыкталат.

Беш алдыңкы эмгектин авторлоруна футболкалар берилип, улуттук команданын 2020-жылы Кыргызстанда өтчү оюндарына абонемент ыйгарылат.

Сынакка катышуучулар үчүн шарт-талап КФСнин расмий сайтында жайгаштырылган.

Белгилей кетсек, быйылтан тарта Футбол федерациясы жоюлуп, анын базасында Кыргыз футбол союзу түзүлгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0